Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
31-мартта өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. 31-март, жекшембиде, республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +14... +19, Талас жана Ысык-Көлдө +11... +16, Нарында +12... +17 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ош жана Бишкек шаарларында жамгыр жаабайт. Күндүн табы Ошто +16...+18, борбор калаада +12...+17 градуска көтөрүлөрү белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0