Россияда КР мигранттарына берилген мунапыс кантип колдонулат? Эреже

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүРейд УФМС по выявлению нелегальных мигрантов
Рейд УФМС по выявлению нелегальных мигрантов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Миграциялык мунапыс кыргызстандыктардын баарына тегиз берилбейт, айрымдарына жеңилдиктер каралган эмес.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Россиянын КР жарандарына жарыялаган "миграциялык мунапысын" колдонуу эрежелери боюнча маалымат берди.

Анда кимдерге жеңилдик берилип, кимдерге берилбей турганы айтылган.

Кыргызстандын жаранын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баланы чет өлкөгө чыгаруу үчүн паспортту кантип алуу керек? 9 суроого жооп
Кара тизмеге киргендердин ичинен мунапыска туш келгендер:

"РФтен чыгуу жана РФке кирүү тартиби жөнүндө" №114 Федералдык мыйзамынын 26-беренесинин 4үнчү жана 8- пунктуларынын негизинде Россиянын аймагына кирүүгө чектөө коюлган Кыргызстандын жарандары 2019-жылдын 1-майынан тартып Россияга кире берсе болот. Атап айтканда, белгиленген мөөнөттө Россиянын аймагынан чыгып кетпеген, үч жылдын ичинде эки же андан ашуун административдик жоопкерчиликке тартылгандар кайра кире алат.

Мунапыс берилбейт:

Ал эми ушул эле мыйзамдын 26-беренесинин 2, 9, 10-пунктуларына жана 27-беренесине ылайык, Россиянын сот органдарынын чечими менен "кара тизмеге" киргендер, анын ичинде өлкөдөн чыгаруу боюнча соттун чечими чыккан КР жарандары (соттун чечимин аткарбагандар жана РФтен чыгып кетпегендер) тыюу салуу мөөнөтү аяктаган соң гана кире алышат.

Ал эми миграция мыйзамын бузгандарга төмөндөгүдөй жеңилдиктер берилет:

Программа помощи в усыновлении Поезд надежды в Бурятии - Sputnik Кыргызстан
Эми баланы өлкөдөн алып чыгуу үчүн сөзсүз паспорт алуу керек. Жаңы тартип
22-апрелге чейин Россиянын аймагында миграция мыйзамдарын бузуп жүргөн КР жарандары Россиянын чегинен тоскоолдуксуз чыгууга жана кайрадан каалаган мезгилде административдик жоопкерчиликке тартылбай, ошондой эле "кара тизмеге" киргизилбестен Россияга кире алышат.

Административдик айып пулдары бар КР жарандары Россиядан чыгуу алдында баарын төлөөгө тийиш.

Мунапыска тиешеси жоктор:

— Издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары.

— Административдик жоопкерчиликке тартылган, бирок дагы деле РФтин аймагында жүргөн КР жарандары, тагыраак айтканда, өз алдынча чыгып кетүү жөнүндө соттун токтому бар, бирок али күнчө чыгып кете электер.

Эскерте кетсек, Россияга келген кыргызстандыктар 30 күндүн ичинде миграциялык каттоого туруусу керек. Буга чейин да берилген "миграциялык мунапыс" мүмкүнчүлүгүн Кыргызстандын 100 миңден ашуун жараны пайдаланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0