Искусствого болгон сүйүү актерлорду гана таасирлентпестен, режиссер, сүрөтчү, архитекторлорго да чыгармачылыктын канатын байлайт. Оригиналдуу театрлардын сүрөттөрү буга күбө. Себеби дизайнерлердин ой чабытынын чеги жок.
CC BY 2.0 / Kecko / Bregenz - Lake StageАвстриянын Брегенц калаасындагы опера театры классикалык музыканын миңдеген күйөрмандарын өзүнө тартып келет. Анын өзгөчөлүгү — ачык асман алдындагы каалгыган сахна. Чыгармачыл адамдарга мындай конструкция таасир бергенден башка зыянын тийгизбейт.
Австриянын Брегенц калаасындагы опера театры классикалык музыканын миңдеген күйөрмандарын өзүнө тартып келет. Анын өзгөчөлүгү — ачык асман алдындагы каалгыган сахна. Чыгармачыл адамдарга мындай конструкция таасир бергенден башка зыянын тийгизбейт.
CC BY-SA 3.0 / Calle Eklund/V-wolf / Dalhalla från ovanШвециядагы Dalhalla театры. Ал 60 метр тереңдиктеги карьерден орун алган. Акустикасы эми бир укмуш!
Швециядагы Dalhalla театры. Ал 60 метр тереңдиктеги карьерден орун алган. Акустикасы эми бир укмуш!
CC BY-SA 3.0 / Nitant23 / The EggАмериканын Олбани шаарындагы театр жумуртка сымал формасы менен бир көргөндө эле көптөрдүн эсинде калары шексиз. Муну алты кабаттан турган имарат деп эч ким айтпайт.
Американын Олбани шаарындагы театр жумуртка сымал формасы менен бир көргөндө эле көптөрдүн эсинде калары шексиз. Муну алты кабаттан турган имарат деп эч ким айтпайт.
© Photo / Tim LewyАнглиялык "Минакты" адеп көргөн кишинин аптыгып кетээри анык. Атлантика океанынын жанындагы асканын бооруна курулган искусство үйү бирде кооптондурса, бирде зор кызыгууну жаратат. Аталышына кызыксаңыз, "таштуу жер" деген маанини берет экен.
Англиялык "Минакты" адеп көргөн кишинин аптыгып кетээри анык. Атлантика океанынын жанындагы асканын бооруна курулган искусство үйү бирде кооптондурса, бирде зор кызыгууну жаратат. Аталышына кызыксаңыз, "таштуу жер" деген маанини берет экен.
CC0 / Pixabay / Сиднейдеги опера театры дүйнөнүн көпчүлүгү билген жай. Австралиянын көзгө басар имаратынын автору - архитектор Йорн Утзон.
Сиднейдеги опера театры дүйнөнүн көпчүлүгү билген жай. Австралиянын көзгө басар имаратынын автору - архитектор Йорн Утзон.
CC BY-SA 4.0 / Claconvr / Arena AnfiteatroРимдеги Арена ди Верона амфитеатры биздин замандын 30-жылдарында курулган экен! Качандыр бир кезде ал жерде гладиаторлор жанын оозуна тиштеп салгылашса, азыр эң мыкты деген опералык чыгармалар коюлуп келет.
Римдеги Арена ди Верона амфитеатры биздин замандын 30-жылдарында курулган экен! Качандыр бир кезде ал жерде гладиаторлор жанын оозуна тиштеп салгылашса, азыр эң мыкты деген опералык чыгармалар коюлуп келет.
CC BY 2.0 / Jeremy Thompson / Harbin Grand Theatre PanoКытайдын Харбин шаарындагы опера театрынын футуристтик аянтчасы кадимки эле пейзажды элестетет. Анда ийри-буйру болгон көлмөлөр менен саздуу жерлер да бар.
Кытайдын Харбин шаарындагы опера театрынын футуристтик аянтчасы кадимки эле пейзажды элестетет. Анда ийри-буйру болгон көлмөлөр менен саздуу жерлер да бар.
CC BY 2.0 / Ester Inbar / TheGlobeЛондондогу бул театр англиялык легендарлуу акын жана драматург Уильям Шекспирдин атынан коюлган. Азыркы абалы 1613-жылы өрттөнүп кеткен "Глобустун" калыбына келтирилген варианты.
Лондондогу бул театр англиялык легендарлуу акын жана драматург Уильям Шекспирдин атынан коюлган. Азыркы абалы 1613-жылы өрттөнүп кеткен "Глобустун" калыбына келтирилген варианты.
CC BY-SA 2.0 / William Cho / The Esplanade – Theatres on the BayЭспланада театры - Сингапурдун маданий ордосу. Уникалдуу бул жайда спектаклдер, мюзикл коюлуп, дүйнөнүн белгилүү сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү, конференциялар өтөт
Эспланада театры - Сингапурдун маданий ордосу. Уникалдуу бул жайда спектаклдер, мюзикл коюлуп, дүйнөнүн белгилүү сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү, конференциялар өтөт
© Photo / Plexycolor / CC BY-NC-SA 2.0 / Ermita de la Santa CruzГватемаладагы театрдын тарыхы эле эмес, аталышы да узак — Ermita de la Santa Cruz.
Орто кылымдагы чиркөөнүн сакталып калган маңдай жагы ачык асман алдындагы театрдын маанилүү болгон аянтына айланган.
Орто кылымдагы чиркөөнүн сакталып калган маңдай жагы ачык асман алдындагы театрдын маанилүү болгон аянтына айланган.
Гватемаладагы театрдын тарыхы эле эмес, аталышы да узак — Ermita de la Santa Cruz.
Орто кылымдагы чиркөөнүн сакталып калган маңдай жагы ачык асман алдындагы театрдын маанилүү болгон аянтына айланган.
Орто кылымдагы чиркөөнүн сакталып калган маңдай жагы ачык асман алдындагы театрдын маанилүү болгон аянтына айланган.