Путинди коштоп келчү делегацияга эмне тамак берилери белгилүү болду

© Sputnik / Эмиль СадыровНациональное блюдо бешбармак
Национальное блюдо бешбармак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттик аппараттын өкүлү кыргыздар келген конокту агыл-төгүл дасторкон менен тосуп аларын эске салды.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Россиялык делегацияга негизинен улуттук тамак-аш сунулат. Бул тууралуу маалымат жыйында президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков айтты.

Эскерте кетсек, Россия президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапары 28-мартка белгиленген.

"Кыргыздар меймандостугу жана жайыл дасторкону менен өзгөчөлөнгөн эл. Мартабалуу конокторду дал ушундай тосууну пландап жатабыз. Ата-бабаларыбыздын тамак-ашы менен таң калтыралы деген оюбуз бар", — деди Сыдыков.

Ал эми жок дегенде берилчү тамактын бир түрүн айта кетүү өтүнүчүнө Сыдыков "Бешбармаксыз болмок беле" деп жооп берди. Ага улай дасторконго Европанын да даамы коюларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0