Чыңгыз Мансуров адамдарга көмөк көрсөтүү үчүн Африка өлкөлөрүнө каттап турат. Кыргызстандык жигит "Чек ара тааныбаган врачтар" медициналык гуманитардык уюмунун логистика боюнча менеджерлигин аркалайт. Анын милдети — ар кыл өлкөлөрдө дарыгерлерди дары-дармек жана жабдык боюнча кем-карчын толуктоо.
Ал Мозамбик, Уганда, Кот-д'Ивуарда болуп, ал эми Камерунда жарым жыл жашаган. Чыңгыз африкалыктардын өзгөчөлөнгөн турмушунан көп кызыктарды айтып берди.
— Адатта жардамга кол сунуу тилеги тегин жерден жаралбайт. Мындай ишмердигиңизге эмне түрткү болду?
— Ата-энем медицина кызматкерлери, бала кезимде ооруканада көп жүрдүм, адамдардын колдоосу жана көмөгүнүн эмнеге татый турганын жакшы түшүнөм. Апам менен атамдай инсан болгум келген.
Бирок медик боло алган жокмун, 2012-жылы Таиландга туристтер менен иштөөгө бардым. Кесиптештерим 2004-жылы каптаган цунамини көп талкуулашар эле. Ал табигый кырсык тууралуу Интернеттен окуп, "Чек ара тааныбаган врачтар" ошондо жабыр тарткандарга олуттуу көмөк кампания өткөргөн. Абдан таасирлендим. 2015-жылы Кыргызстанга кайтып, аталган уюмга ишке орноштум.
— Алгач Африкага болгон сапарыңыз кандай өттү эле?
— Эки жыл мурда Мозамбикке учуп бардым. Учактан түшөрүм менен ал жактын климатына таң калдым. Куйкалаган күндү күткөм, бирок аба сонун экен, 20 градус.
Андан соң мени чек арачылар таң калтырды. Бир маалда аэропортко эки чоң "Боинг" конгон, паспорттук көзөмөлдө 700дөн ашык киши топтошуп турат. Кызматкерлер келип, документтерди текшере баштаганча 25 мүнөт күттүк. Баса, алар баштаганда да жайма-жай текшерип жатышты. Көрсө, жайбаракаттык африкалык маданияттын бир бөлүгү экен.
— Африкадагы турмуш деп Гуглдан издеп көрсөк, кабыргалары саналган, илмийген балдардын, алачыктардын, автоматчан кишилердин сүрөттөрү чыгат...
Дагы бир кызык учур бар. Качандыр бир кез СССР Мозамбик менен достук мамиледе болгон. Ал тургай, калаада Ленин, Карл Маркс, Мао Цзэдун атындагы көчөлөр бар. Бирок жергиликтүү тургундар бул инсандардын ким экенин таптакыр билбейт.
— Калктын турмуш абалы кандай? Кыргызстандыктарга караганда алар бай келет деп айтууга болобу?
— Жалпысынан жашоо деңгээли биздикине караганда төмөн. Ошентсе да Мозамбик табигый ресурстарга бай, алмаз, мунай жана газ бар. Тек гана табигый ресурстарын карап айтуу туура болбой калат. Шаарларда асман тиреген имараттар курулууда, ошол эле учурда африкалык кыштактар дары-дармектин жетишсиздигинен азап чегип келишет. Кургак учук жана ВИЧке байланышкан долбоорлор менен алектенгем, ал жакта калктын 10 пайызы ВИЧ менен жашайт. Азыр жергиликтүү бийлик буга каршы активдүү күрөшүп келет.
— Мозамбиктиктер негизинен кайсы тармакта иштешет?
— Көпчүлүк балык уулоо жана деңиз азыктары менен алек, бул багытта жакшы акча табууга болот. Ошондой эле Мозамбикке жыл сайын туристтер көп келишет, себеби дайверлер үчүн бул жер бейиштин өзү, жунус балыгы, акула жана башка деңиз жандыктары көп.
— Жарым жылча Камерунда жашаган экенсиз, ошол туурасында айтып берсеңиз.
Камерунда шаардыктардын жашоосу биздикиндей эле. Ал эми айылдарында турмуш таптакыр башка. Биздин гид үйүнө чай ичип кетүүгө чакырды, сунушун биз кубанып кабыл алдык. Ал полу жок чакан тамда турат экен, бут алдында кадимки кара жер! Залда диван, анын жанында кичирээк мотоцикл токтоп турат. Көзгө өтө эле өөн учурады.
— Билишимче, Африкада эркектердин көп аял алган учурлары арбын.
— Ооба. Камерунда француз тили боюнча курска барчумун. Мугалим аларда эркектер экинчи, үчүнчү жолу үйлөнүшөрүн, мыйзам андайга жол берерин айтып берген. Кыргызстанда көп аял алууга тыюу салынганын угуп, аябай таң калган.
Мугалим өзү да экинчи же үчүнчү колукту болууга макул экен. Бирок көп аял менен никеге бай кишилер гана тура алат. Негизи эле алардын маданиятында бир кишиге байлануу мүнөздүү эмес.
— Көп балалуу болууну да туура көрүшөрү чынбы?
— Туура. Бир айдоочу менен сүйлөшүп калдым. Анын үч аялынан 26 баласы бар экен! Бирок аны менен да чектелип калгысы жок, балдарынын санын 33кө жеткирүүнү каалай турганын айтып берген.
Ал жакта: "Эки гана балаң барбы? Сен өзүмчүл турбайсыңбы, өзүңдү эле ойлойт экенсиң!" — дешет. Качан төрт балалуу болгонуңда сага сый көрсөтө башташат.
— Африканын тургундары кандай кийинишет?
— Ар кыл өлкөдө ар кандай. Мисалы, Камерунда саркечтер сымал субмаданият бар. Кооз кийимди баалашат, кийим-кече жашоо маңызына айланган. Саркеч кишилер Gucci, Louis Vuitton, Dolce & Gabbana кийимдерин сатып алуу үчүн ири суммада карыз алышат.
Угандада заманбап кийимдер улуттук элементтер менен айкалышат. Кот-д'Ивуардын жашоочулары француз стилин кабыл алган, абдан жарашыктуу жана ачык түстө кийинишет. Жигиттер да, кыздар да гардеробун тандоодо эч кысылбайт. Баса, ал жакта француз жапкан нан азыктары абдан даамдуу!
— Кыргызстанга караганда Африкада баа кымбатпы?
— Ооба, болжол менен баары эки эсе кымбат. Мисалы, телефонду кубаттагыч бизде 5 доллардын (орточо 350 сом) тегерегинде болсо, ал жакта аны 20 доллардан сатышат (1380 сом), бирок ошол эле кытай товары.
Кадыресе бир кафеде түштөнүүгө киши башына 30 доллардай (2900 сом) кетет. Ошончо кымбат болсо да шаарларда маяна 300 доллардын тегерегинде. Албетте, кыштактарда таптакыр башка киреше.
Кыргызстандын Африка өлкөлөрүнөн дагы бир чоң өзгөчөлүгү бар. Биз Советтер Союзунан мурас алдык, бизде эң алыскы кыштактарда да медициналык пункттар, жол жана электр энергиясы бар.
Британияга, Португалияга, Францияга колония болгон Африка мамлекеттерине андай нерсе калган эмес. Алар баарын жоктон жаратууга аргасыз болушкан. Болгону алтын кен шахталарынан деңиз портторуна чейинки темир жолу гана бар. Ошентсе да азыр Африкада жергиликтүү калкка көмөктөшүүгө умтулган эл аралык уюмдар аябагандай арбын.
— Африкалыктардын начар мамилесине туш болгон жоксузбу?
— Жок, алар чет өлкөлүктөрдү аябай сыйлашат. Үч европалык менен борбордон ыраак кыштакка жөнөдүк. Биздин гид менин жүзүмө көпкө тигиле карады. Акыры чыдабай кетип: "Мендей кишини эч качан көргөн жок белеңиз?" – деп сурадым. Ал кечирим сурап, чындап эле азиялык кишини өмүрүндө алгач ирет көрүп турганын айтты. Африкада андайлар аз эмес.
Камерунга иштөөгө барган алгачкы кыргыз мен болгон көрүнөм. Ошол себептен, кыргызстандыктар тууралуу жакшы таасир калтырууга тырышкам. Ажырашар аяк кечесинде алган белектеримдин санына караганда аракетим текке кетпептир, баары жакшы өткөн.
— Африкалыктардын кайсы сапаттарын үйрөнсөк болчудай?..
— Алар дайым, көчөдө да күлүмсүрөп жүрүшөт. Мостоюп жүрүү аларда уят деп эсептелет. Ушул өзгөчөлүгүн аябай жактырдым.
— Африкага барардын алдында безгек, малярия жана башка жугуштуу ооруларга каршы эмдөө алыш керек. Саламаттык сактоо тармагы аларда кандай абалда экен?
Биздин кампаларда дал холера үчүн медициналык топтомдор бар эле, дароо бейтаптарга жеткирдик.
Кыргызстанда ар бир балага күнүнө бир нече ирет кол жууш керек деп үйрөтөт эмеспи. Африкалыктар самын же таза сууга дайым эле жете беришпейт. Ошентсе да эл аралык уюмдар суу түтүктөрүн өткөрүп, ал эми биз элге атайын суу чыпкаларын (фильтр) таратабыз.
— Биз билим берүү тармагын көп тилдейбиз, бирок Кыргызстандын дээрлик 100 пайыз эли окуп, жаза алат. Бул жагынан Африка өлкөлөрүндө абал кандай?
— Ал жакта көрсөткүч алда канча төмөн. Камерунда калктын үчтөн бир бөлүгүнүн кат-сабаты жоюлган эмес. Анан калса, аялдар арасында сабаттуулук эркектерге караганда төмөн. Кээ бир кыздарды жөн эле окууга жибербей коюшат. Мыйзамда алар 18 жашка толгондо гана турмуш кура алары жазылса да, бир тобу 15 жашка толгондо эле келин болушат.
— Кийинки багытыңыз кай тарапка болмокчу?
— Жакында Түштүк Суданга бир жылга кетем. Гуманитардык жардамга аябай муктаж болгон мамлекеттердин бири. Өлкө өтө жаш, Судан менен болгон узакка созулган согуштан соң 8 жыл мурун эгемендик алган, кийин жарандык согуш тутанган.
Ушул тапта Түштүк Суданда тынчтык өкүм сүрөт, бирок жергиликтүү тургундарга жардам керек. Талыкпастан эмгектенүүгө эмитен даярдануудамын!