https://sputnik.kg/20250102/1091219810.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк алтын куймаларды сатып, сатып алганы боюнча маалыматтар менен бөлүштү. Башкы банк алтын куймаларын 2015-жылдын 7-майынан тарта сата баштаган. Бул... 02.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-02T17:00+0600
2025-01-02T17:00+0600
2025-01-02T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/02/1091219678_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_76299fb985192e8ef746a89fda07ee75.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк алтын куймаларды сатып, сатып алганы боюнча маалыматтар менен бөлүштү. Башкы банк алтын куймаларын 2015-жылдын 7-майынан тарта сата баштаган. Бул кадам элге инвестиция кылуу же акчаны коопсуз сактоо үчүн шарт түзүү максатында жасалган. Сатыкта салмагы 1 граммдан 100 граммга чейинки алты түр куйма бар. Банк куймаларды сатып гана тим болбостон, кайра сатып да алат. Баа Лондон ассоциациясынын баалуу металлдар рыногунун кечки фиксингине жана доллардын курсуна жараша күн сайын белгиленет. 2015-жылдын 7-майынан 2024-жылдын 25-декабрына чейин Улуттук банк жалпы 525,4 килограмм алтын куймаларын 2 миллиард 426,6 миллион сомго саткан. Былтыр 1-январдан 25-декабрга чейин 60,8 килограмм куйма сатылып, алардын наркы 440,9 миллион сомду түзгөн.Ал эми 265,7 килограмм алтынды кайра сатып алып, 1 миллиард 182,6 миллион сом төлөгөн. Былтыр (25-декабрга чейин) 35 килограмм куйма Улуттук банкка кайтарылып, жалпы наркы 251,1 миллион сомду түзгөн.
Жаңы жыл түнү борбордук Ала-Тоо аянтынан 1,5 тонна таштанды чыгарылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, таштандынын көлөмү өткөн жылдарга салыштырмалуу бир кыйла аз. Былтыркы жаңы жылды майрамдоодон кийин мындан үч эсеге көп - 5 тонна таштанды чогултулган. Аянтты тазалоого бул ирет "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 60 кызматкери жана 6 атайын техникасы тартылды. Жаңы жыл түнү борбордук Ала-Тоо аянтына 20 миңден ашуун шаар тургундары жана коноктору келишти. Бишкек шаарынын мэриясы таштандыны жыйнап кеткен жарандарга тазалыкка кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет.
Бүгүн, 2-январь күнү Ош шаарындагы Раззаков көчөсүнүн №20 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнөн өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкенлей, өрттү өчүрүүгө саат 12:15де 1 бөлүм тартылган. Өрт өчүрүүчү куткаруучулар тарабынан 15 жаран коопсуз жайга чыгарылып, тилсиз жоо саат 12:41де толугу менен өчүрүлдү. Өрттөн жабыркагандар жок.
Казакстанда баңгизат өндүргөндөр жана саткандар өмүр бою эркинен ажыратылат. Тиешелүү мыйзамга президент Касым-Жомарт Токаев кол койду. Эми мындай кылмыш үчүн 15 жылдан 20 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратуу, ошондой эле мүлктү конфискациялоо жазасы каралган. Баңгизатты каткандар үчүн жаза жумшартылды, Эгерде мурда 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралса, эми 5 жылдан 8 жылга чейин кесилет. Бул чечим аталган кылмышка көбүнчө баңгизат өндүрүүчүлөрдүн курмандыгы болуп калган жаштар жана өспүрүмдөр барары менен түшүндүрүлдү. Бирок бул кылмыш кайрадан кайталанса айыпкер 7 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Россия газынын транзити токтогонуна байланыштуу Украина чоң көйгөйлөргө дуушар болот. Бул тууралуу Жогорку Раданын депутаты Артем Дмитрук билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, өлкө жылына 800 миллион доллардан ашуун кирешеден ажырайт. Дмитрук бул Владимир Зеленскийдин кезектеги мамлекетке каршы кабыл алган чечими экенин белгиледи. Россиянын газын транзит менен Европага өткөрүү келишими 2019-жылы түзүлгөн жана ушул жылдын 31-декабрында соңуна чыгат.
Улуттук банк алтын куймаларды сатып, сатып алганы боюнча маалыматтар менен бөлүштү. Башкы банк алтын куймаларын 2015-жылдын 7-майынан тарта сата баштаган. Бул кадам элге инвестиция кылуу же акчаны коопсуз сактоо үчүн шарт түзүү максатында жасалган. Сатыкта салмагы 1 граммдан 100 граммга чейинки алты түр куйма бар. Банк куймаларды сатып гана тим болбостон, кайра сатып да алат. Баа Лондон ассоциациясынын баалуу металлдар рыногунун кечки фиксингине жана доллардын курсуна жараша күн сайын белгиленет. 2015-жылдын 7-майынан 2024-жылдын 25-декабрына чейин Улуттук банк жалпы 525,4 килограмм алтын куймаларын 2 миллиард 426,6 миллион сомго саткан. Былтыр 1-январдан 25-декабрга чейин 60,8 килограмм куйма сатылып, алардын наркы 440,9 миллион сомду түзгөн.Ал эми 265,7 килограмм алтынды кайра сатып алып, 1 миллиард 182,6 миллион сом төлөгөн. Былтыр (25-декабрга чейин) 35 килограмм куйма Улуттук банкка кайтарылып, жалпы наркы 251,1 миллион сомду түзгөн.Жаңы жыл түнү борбордук Ала-Тоо аянтынан 1,5 тонна таштанды чыгарылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, таштандынын көлөмү өткөн жылдарга салыштырмалуу бир кыйла аз. Былтыркы жаңы жылды майрамдоодон кийин мындан үч эсеге көп - 5 тонна таштанды чогултулган. Аянтты тазалоого бул ирет "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 60 кызматкери жана 6 атайын техникасы тартылды. Жаңы жыл түнү борбордук Ала-Тоо аянтына 20 миңден ашуун шаар тургундары жана коноктору келишти. Бишкек шаарынын мэриясы таштандыны жыйнап кеткен жарандарга тазалыкка кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет.Бүгүн, 2-январь күнү Ош шаарындагы Раззаков көчөсүнүн №20 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнөн өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкенлей, өрттү өчүрүүгө саат 12:15де 1 бөлүм тартылган. Өрт өчүрүүчү куткаруучулар тарабынан 15 жаран коопсуз жайга чыгарылып, тилсиз жоо саат 12:41де толугу менен өчүрүлдү. Өрттөн жабыркагандар жок.Казакстанда баңгизат өндүргөндөр жана саткандар өмүр бою эркинен ажыратылат. Тиешелүү мыйзамга президент Касым-Жомарт Токаев кол койду. Эми мындай кылмыш үчүн 15 жылдан 20 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратуу, ошондой эле мүлктү конфискациялоо жазасы каралган. Баңгизатты каткандар үчүн жаза жумшартылды, Эгерде мурда 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралса, эми 5 жылдан 8 жылга чейин кесилет. Бул чечим аталган кылмышка көбүнчө баңгизат өндүрүүчүлөрдүн курмандыгы болуп калган жаштар жана өспүрүмдөр барары менен түшүндүрүлдү. Бирок бул кылмыш кайрадан кайталанса айыпкер 7 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылат.Россия газынын транзити токтогонуна байланыштуу Украина чоң көйгөйлөргө дуушар болот. Бул тууралуу Жогорку Раданын депутаты Артем Дмитрук билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, өлкө жылына 800 миллион доллардан ашуун кирешеден ажырайт. Дмитрук бул Владимир Зеленскийдин кезектеги мамлекетке каршы кабыл алган чечими экенин белгиледи. Россиянын газын транзит менен Европага өткөрүү келишими 2019-жылы түзүлгөн жана ушул жылдын 31-декабрында соңуна чыгат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/02/1091219678_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_116f945c4e527a263bafe9b0ef8c7249.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио