Кыргызстандык балдардын мугалим же милиционер болуу кыялы өткөн чакта калгандай. Азыр ишкер жана программист болуу кадыр-барктуу. Акылбек Эсеналиев азыр бул эки ишти тең бирдей колго алган.
Индиянын мыкты университетинде программисттик өнөрдү өздөштүргөн соң Бишкекке кайтып, IT-компаниясын жана тил курсун негиздеген. Акылбек өзү да автордук ыкмасы менен англис тилинен сабак берет.
— Балалыгыңыз кандай өткөнү туурасында билели адегенде?..
— Үй-бүлөдө беш балабыз. Ата-энем — адал эмгек менен күн көргөн, бирөөнүн бир да сомун албаган жөнөкөй адамдар. Апам өмүр бою "Учкун" басмаканасында иштеди, атам 90-жылдары жумушсуз калган. Колунан келишинче бизди багууга жан үрөдү. Негизинен, балалыгымдан бери андан үлгү алып өстүм.
Окуучулук убагымда бокс менен машыктым, сабактан жетишкендигим орточо болчу. Толук "3" деген гана баага татыктуу элем.
— Анда кантип программисттикти өздөштүрүп алдыңыз? Бул адистик тырышчаактык жана кылдаттыкты талап кылат эмеспи.
— Мага бул адистикти эжем сунуштап калды, ал кезде программалоодон дегеле кабарым жок болчу.
Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектуралык университетинде окууга көп убакыт бөлбөдүм. КВН командасынын капитаны болгондуктан, юмор жаратууга берилип кеттим. Тандаган адистигиме көңүлүм жылычу эмес.
— Анан кантип Индиянын эң мыкты окуу жайларынын бирине өтүп кеттиңиз?
— Бул капыстан болду. Ошол күнү мен дипломдук ишимди жактагам. Университеттин жарыялар тактасында: "Индияда окугуң келеби? Күчүңдү сынап көр" деген жарнаманы илип коюшуптур. Аны этибарга албай эле өтүп кетмекмин, окутуучулардын бири мени токтотуп: "Тапшырып көрчү!" — деп калды. Ал эжейди абдан сыйлап, кеңештерине кулак салчумун.
Кийинки күнү таңда экзаменге бардым. Түшүнүксүз бир тесттен өтүшүм керек болчу. Квнчилердин тапкычтыгы ошол маалда мага көмөк болду, башка балдар менен тил табышып, баарын алардан көчүрдүм. Ошентип экзаменден өтүп кеттим!
Англис тилинде өтө начар сүйлөчүмүн, ошондуктан сүймөнчүк тарабым менен гана өтүп кете алмакмын. Маселен, элчи эмнеликтен Индияда окугум келгени туурасында сураганында Болливудга ашык экенимди айттым. Бир-эки ай өтпөй мени бюджетке кабыл алышканын уктум.
— Индияда учактан алгач чыкканыңыздагы сезим жадыңыздабы?
— Оу, ал убакты эч качан унутпайм го, чиркин! Мончого киргендегидей эле болосуң, ушундай бир аптаптуу, нымдуу аба, анан калса, кызык бир жыт урат. Бирок мончодон го чыгып кетсең болот, Индиядан анте албайсың. Ага араң дегенде көндүм.
Университет Индиянын түштүгүндөгү Майсура шаарында жайгашкан. Йога дал ошол жерде түптөлгөн деп эсептелет. Индиянын эң таза шаары болуп саналат.
— Маданий шокко кабылган жайыңыз болдубу?
— Ооба, аябай дендароо болгом. Ал жакта көчөдө заара кылуу кадыресе көрүнүш экен. Борбордук шосседе деле жакшынакай бир унаа токтоп, жарашыктуу кийинген киши чыгып… ишин кылып кете берет. Эркеги деле, аялы деле. Индияда арыктарда жуунушат, буга да айран-таң калгам.
— Жергиликтүү колоритке көнүп кетүү оңойбу?
— Жок, кыйла эле кыйын. Маселен, "беш мүнөт күтө тур" деп коюшат сага. Жергиликтүү тургундардын түшүнүгүндө "беш мүнөт" — 3-4 саат. Эгер бир сааттан кийин келишиң керек болсо, эртеси күнү деле баш баксаң, эч нерсе өзгөрүп кетпейт.
Ал жакта нерв чыңалтып, убара тартуунун зарылдыгы жок. Өз ыргагында турмуш кечиришет. Андай ыкмалар бизге эч түшүнүксүз, бирок экинчи жагынан, убакыт менен өзүн чектебей жашаган деле сонун эмеспи.
— Майсуранын тургундарынын тиричилигинен кеп салып берсеңиз.
— Көптөгөн кыргызстандыктар Индияга барышат, бирок туристтик аймакта гана болушат. Ал эми анык турмуш таптакыр башка! "Сламдар" деп коюшат, тар үйлөр жакта жашадым. Ал тараптарды жакыр адамдар байырлайт. Стипендиям аз болгондуктан башка аргам жок эле.
Биздин кедей тургундардын куру дегенде чатыры, жээрге ашы, жардамга кол суна турган туугандары же ыктыярчылар бар. Индияда эч нерсеси жок адамдар жайнайт. Жадагалса, кийими да жок, итке минген жакырлар жылаңач же эптеп бир чүпүрөк илип алып жүрө беришет. Кыргызстанда ачкалыктан көз жумгандар аз чыгар.
Бизде, маселен, оозун кере ачып эстеген киши тек гана зеригип жатат деп ойлошот, ал эми Африка же Индияда андай адамдан: "Көптөн бери тамак жей элексиңби?" – деп сурашат. Көрсө, эстөө узакка ач жүрүүгө карата организмдин реакциясы болушу мүмкүн экен.
Дагы бир учур. Мага жакын жерде бир 80 жаштагы карыя жашачу. Көзү да көрбөй, кулагы укпай, баса да албай калыптыр. Балдарынын да ага кам көрүүгө мүмкүнчүлүгү жок эле. Күндүз аны күнгө алып чыгышчу, кечкисин үйрө киргизип коюшчу.
Карапайым жумушчулардын бүлөсү эле. Аябай ызаланып, колумдан келишинче көмөктөшүүгө аракет кылчумун. Себеби ошол убакта атам ооруп жаткан, инсульт алыптыр. Атам кыймылдай да алчу эмес, бирок анын жагдайы тигил карыяныкына караганда алда канча жакшы эле. Биздики да жупуну жумушчунун үй-бүлөсү! Караңызчы, кандай чоң айырма?!
— Бишкекте Кыргызстандан медициналык билим алууга келген көп студенттерди кезиктиребиз. Биздеги саламаттык сактоо тармагы жакшыраак деп айта алабызбы?
— Индиялык ооруканалар жакшы жабдылган, бирок биздин врачтар баары бир кесипкөй келишет. Индияда доктур болуу абдан абройлуу, көпчүлүк үчүн бул орундалгыс тилек. Дал ошол себептен көбү Кыргызстанда билим алууга умтулушат, себеби ал жакта билим алуу кымбат.
— Индия тургундарынын турак жай шарты кандай?
Ал жактагы чен менен мен жакшы турчумун, анткени жуунуучу жайым бар эле. Көпчүлүк тургундардын андай шарты жок болчу.
— Индияда алигүнчө касталар тутуму бар экендиги тууралуу окуган жайым бар.
— Андайды кезиктиргеним жок, бирок кол тийбестердин бүтүндөй кыштактары бар экенин билем. Аларга чындап эле кол тийгизбөөгө тырышышат, бирок кол тийбестер андайды этибарга алышпайт. Алар тагдырды өзгөртүүгө болбойт деген ишенимде.
— Англис тилин билбесеңиз, университетте кантип билим алдыңыз?
— Аябай тырышып окуганыма карабастан, алгачкы жылы бардык экзамендерден куладым! Ал абройлуу окуу жайда билим берүүнүн стандарттары абдан жогору, ал эми мен окутуучунун сөзүн эптеп түшүнөм десеңиз.
Аябагандай чоң стресске кабылдым, себеби мен үчүн жалпы тууган-уругум санаага баткан. Атургай, коңшуларымдын да университетке өз күчүм менен өтүп, Индияга кеткенимден кабары бар эле.
Үйдөгүлөргө айткан жокмун. Ректор мени өзүнө чакырып: "Сени окуудан чыгарам", – деди.
Үйгө андай абалда кайтканым абдан уят болмок, андыктан ректордон: "Мага бир чейрек бериңиз, эгер бир эле сабакты тапшыра албай калсам, анда окуудан чыгарыңыз. Алтургай, өзүм сизге ырахмат айтам", — деп өтүндүм. Ал мага экинчи мүмкүнчүлүк берүүгө көндү. Тырышып окуп, бардык экзамендерди тапшырдым.
— Кыргызстандыктар индиялык тургундардын кайсы адатын үйрөнсө дурус болмок?
— Бардык кыргызстандыктарды бир-эки жылга Индияга жайгаштырып, кайра Кыргызстанга кайтарса деп тамашалайм. Анда алар биздин жерди өпкүлөшмөк! Атургай, индиялыктардын өздөрү "эгер Индияда жашап кеткен болсоң, бардык жерде турмушту эптештирип кете аласың" деп калышат.
3,5 жыл аралыгында бир дагы ирет Кыргызстанга келбедим. Кеп жол киренин кымбат-арзанында эмес, эгер мекенге бир келсем, кайра кайтууга күчүм жетпесин билчүмүн.
Ооба, Кыргызстанда асман тиреген имараттар жок. Ооба, биздин жолдорубуз жаман. Бирок биз болгону өнүгүүнүн ушул баскычындабыз, бул көрүнүшкө көнгөнүбүз оң. Биз сонунбуз, баарына жетишебиз, тек гана моюнга алып, уялганды токтотконубуз дурус.
Индияда адамдар ийгиликке жетүүгө умтулушат, бул жагы да жакты. Медицина, маалыматтык технологиялар ыкчам ыргакта өнүгүүдө. Индияда биздин олигархтардын түшүнө да кирбеген байлыкка ээ миллиардерлер бар!
— Бишкекте оңой эле иш таап алдыңызбы?
— Ооба. Индияда жүргөнүмдө эле америкалык компанияга долбоордук менеджер болуп орношком. Тажрыйба топтоп алып, Бишкекке кайттым.
Албетте, менин кесибим менен дивандан турбай эле дүйнөнүн булуң-бурчунан буюртма алып, иштей берүүгө болот. Бирок бирөөгө иштөө мага жат экенин эрте түшүндүм. Ошентип бизнес өнөктөштөрүм менен биргеликте IT-компаниясын түптөдүк.
— Бишкекте жакшы программисттер аябагандай көп акча табарын уккам.
— Айына 15 миң доллардан тапкан тааныштарым бар. Анын баары деңгээлге жараша. Адистин билимин текшерген эл аралык компаниялар иштейт.
— Сиз аларга кандай карайсыз?
— Мен анык программист эмесмин, долбоордук менеджермин. Америкалык ишканада да жөндөмдүүлөрдү таап, команда топтоо менен алек болчумун. Техникалык билимимден улам кимдин эмнеге шыгы бар экендигин аңдап билем.
— Тил курстарын ачууну эмнеликтен чечтиңиз?
— Ушул тапта биздин IT-компаниябызда 12 киши эмгектенет, ишеним артып ишти толук табыштай ала турган адамдар бар. Ал жакта менин көмөгүмсүз деле иш жүрө берет, акырындап иштерден четтедим. Бош убактым көбөйө түшкөнү мени кубандырды, бирок жубайыма андай абалым жаккан жок. Дагы бир иш менен алек болушума кеңеш берди. Программалоодон тышкары колумдан эмне келет деп ойлоно баштадым. Албетте, дурус эле квнчимин, бирок ал жакка мени ким алсын?! Англис тилин так билем дедим да, тил мектебине мугалим болуп орноштум.
Жарым жыл иштеген соң англис тилин окутуу ыкмабызда кандай көйгөйлөр бар экенин түшүндүм. Эскилиги жеткен, 20 жыл мурун чыккан китептер! Ошентип өздүк курсумду ачууга ниеттендим.
— Азыр англис тилин үйрөнүү боюнча курстар жайнайт го. Дагы бирди ачуунун зарылдыгы бар беле?
Мага бир ой келди: бизде жөн эле эмес, ишке керектүү англис тили зарыл болгон, иш макулдашууларын жүргүзүп, кесиптик терминдерди билиши абзел врачтар, менеджер, программисттер канча? Өзүнө керектүү гана нерсени үйрөнүү менен адам убактысын үнөмдөйт эмеспи.
— Бир топ жылдардан бери англис тилин окуп, бирок дагы деле сүйлөп кете албаган адамдарды билем…
— IT тармагынан таап чыккан атайын ыкмабыз бар. Чоң көйгөй майда-майда бөлүктөргө бөлүштүрүлө каралып, ар бири даректүү түрдө чечилет. Маселен, сөз байлыгы бар, грамматикасы жакшы киши деле англис тилинде сүйлөп кете албаган учурлар арбын. Биз эмнеге андай болорун изилдейбиз. Көбүнесе адамдар англис тили боюнча өз деңгээлинен тартынышат, психологиялык тосмо бар.
Биз алардын ар бирин урата баштайбыз. Мисалы, кеңири таралган үй тапшырмасы бар: студент англис тилинде текстти жарым саат ичинде окуйт. Бирок бир шарт — ал кимдир бирөөнүн алдында окууга тийиш.
Үй-бүлөңүздүн алдында текст окуп көрдүңүз беле? Бирөө катаңызды таап, шылдыңдап турганы оңой нерсе эмес. Биздин максат — студентти көнүп калган ыңгайлуу шартынан чыгаруу, дал ушул аракет үзүрүн берип, жылыш көрсөтөт. Антпесе, 20 жыл бою англис тилин эч майнапсыз окуй берүүгө болот.
— Эч кандай жаттоосуз эле англис тилин бир айда үйрөтүүгө убада берген жарыяларды көп көрүүгө болот.
— Андайга мен ишенбейм. Биздин бир курс бир айга созулат, бирок биз тилди эч билбеген кишини отуз күндө Лондондун эзелки тургунундай сүйлөтүп жиберебиз деп убада кылбайбыз. Бул убакыт ичинде биз студентти аңгемелешүүгө даярдап же кесиптик терминдерди үйрөтөбүз.
Кудайга шүгүр, бизге көбүнесе өз кесибин терең өздөштүрүп калгандар келет. Алар кандайдыр бир жыйынтык алуу үчүн маңдай тер агызуу керектигин жакшы билишет. Ансыз алдыга жыла албайсың!