00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Спички и Транспортир
18:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Спички и Транспортир
Зимние истории: как появился Новый год
18:06
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Министрлер кабинети 2025-жылдагы майрам күндөрдү жылдыруу боюнча токтом кабыл алды. Чечим дем алыш жана майрам күндөрдү сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынганы айтылды. Беш күндүк график менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери үчүн: 1-январдан 7-январга чейин жаңы жылдык каникулдар болот; 2-январдын ордуна 11-январь (ишемби) иш күнү; 3-январдын ордуна 24-февраль (23-февраль жекшембиге түшкөндүктөн дем алыш жылмак) иш күнү; 6-январдын ордуна 10-март (8-март ишембиге туш келгендиктен дем алыш жылмак) жумуш күн; 2-май иш күн эмес болуп, ал 1-сентябрь (31-август жекшембиге түшкөндүктөн дем алыш жылмак) иш күнү болот. Менчик ишканаларга ушул графикти колдонуу сунушталары кошумчаланган.Эске салсак, 18-декабрда Жогорку Кеңеште Эмгек кодекси кабыл алынган. Анда дем алыш күндөрүн жылдыруу нормасы жокко чыгарылган.
"Унаа" мекемесинин жаңы жылдык майрам күндөрдөгү иш гафигин Транспорт жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жарыялады. 31-декабрда ишкананын бардык бөлүмдөрү саат 17:00гө чейин ачык болот. Ал эми 1-7-январь күндөрү жарандарды кабыл албайт. 2025-жылдын 8-январынан тарта кадимки тартипте иштей баштайт. Мекемеден кыргызстандыктарды бул графиктен улам "Унаага" байланыштуу иштерин алдын ала пландап алууну эскертишти.
2025-жылы Кыргызстан үч маанилүү уюмга төрагалык кылат. Бул тууралуу бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди. Анын айтымында, 2025-жыл "Эл аралык диалог, кызматташтык жана коопсуздук" ураанынын алдында өтүп, ар түрдүү маанилүү иш-чараларга бай болот. "Кыргызстан келерки жылы Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ), Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) жана Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) төрагалык кылат. Бул — биз төрагалык кыла турган үч маанилүү уюм. Андан тышкары, Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөлүгүнө көрсөтүү аракеттери жүрүп жатат", – деди Кулубаев. Буга чейин Кыргызстандын ЖККУга төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттары: саясий, аскердик кызматташуу, терроризмге жана коркунучтарга биргелешип каршы күрөшүү, маалыматтык коопсуздукту сактоо болуп саналары айтылган.
Жаңырган жылдын соңуна чейин республикадагы бала бакчалардын баарына көзөмөл камерасы орнотула турганын билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, камералар ИИМдин "Коопсуз шаар" системасына туташат. "Азыр өлкө боюнча бала бакчалардын 63 пайызы видеокөзөмөл менен камсыз болгон. Калган 37 пайызына 2025-жылдын аягына чейин толугу менен коюлат. Видеокөзөмөл орнотуп коюп эле отуруп калбастан, ИИМ менен сүйлөшүп, видеокамераларды "Коопсуз шаар" долбоору менен интеграциялайбыз", — деди Жусупбекова. Эскерте кетсек, бала бакчаларга камера коюу маселеси Сузакта тарбиячылардын бакчадагы балдарды урганы коомчулукка билингенден кийин көтөрүлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0