Таанышы аркылуу Америкага барып иштөө жөнүндө маалымат алган Сейитов 2010-жылдын жаз айларында Кыргызстанда маектешүүдөн кийин ошол эле жылдын октябрында айында жумуш визасы (H1B) менен учуп кеткен.
— Алгач келгенде маданий шокту башыңыздан өткөргөн чыгарсыз?
— Өз багытыңызда көңүлүңүздү дароо бурган нерсе эмне болду?
— Билим берүү системасындагы "бир дагы бала четте, же окубай калбашы керек" деген саясат көңүлдү бурду. Баланы акыл-эсине, мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай башка окуучулар менен бирге окутуп, алардын башкалардан кем болбошуна шарт түзүлөт экен. Ошол аркылуу ал окуучунун эмнеге жөндөмдүү экенин таап, ага багыт берүү да жеңил болот экен. Башкача айтканда, көпчүлүктөн айырмаланган балдар бул жакта өзүн жат сезбейт.
— Өзүңүз кыргыз болуп, АКШда түрк тилинен сабак бергениңизди окуучулар кандай кабыл алды?
— АКШ иммигранттардын мекени болгону үчүн эл мындайга көнүп калган. Анын үстүнө биздин мектепте түрк тилинен башка француз жана испан тилдери окутулат. Мисалы, француз тилинен сабак берген мугалимдин улуту — араб. Окуучулар ошол тилдерден каалаганын тандап алат.
— АКШга келгениңизге быйыл жети жылдын жүзү болот экен. Америка менен Кыргызстандын билим берүүсүндөгү негизги айырмачылык деп эмнелерди айта аласыз?
— Мен Кыргызстанда үч жылдай мугалим болуп иштеп калдым. Аз болсо да биздин билим берүү системасы кандай экенин билем. Американын билим берүү системасын да жакшы эле түшүнүп калдым. Экөөнүн ортосунда материалдык базадан тартып окутуу ыкмасына чейин бир топ айырмачылык бар. Кыргызстанда билим берүү министрлиги өзүнүн туруктуу багытын таба электей сезилет. Мисалы, Кыргызстанда 4-класста, 9-класста жана 11-класста көчүрүү экзамендери болот. Ошол экзамендердин жыйынтыгын карап, окуучунун билим деңгээли жогорулап жатабы, бир калыптабы же төмөндөп кеттиби деп анализдеп, эгер төмөндөп кетсе кандай кадамдарды жасаш керек экенин эч ким деле көзөмөлдөбөйт. Америкада ар бир баланын мектепке киргенинен баштап бүткөнгө чейинки бардык экзамен, тесттеринин жыйынтыктарын көрүүгө болот. Ошол жыйынтыктар аркылуу ал баланын кайсы университетке барып, кандай кесипти тандаса ийгиликтүү болорун болжолдой аласыз. Окуучулар алган тесттердин жыйынтыктары аркылуу мектептин билим берүү деңгээли да текшерилип турат. Эгер бир мектептин окуучулары 2-3 жыл катары менен төмөн баа алса, ал мектепти штаттын билим берүү мекемеси тыкыр көзөмөлгө алат. Директоруна жана мугалимдерине түрдүү окуулар сунушталат. Эгер жылыш болбосо кадрдык өзгөрүүлөргө туш болот. Андан тышкары, бул жакта окуучулардын коопсуздугу да өтө маанилүү. Өрт чыкса, торнадо болсо, мектепке кол салуу жана башка күтүлбөгөн окуялар болуп кетсе эмне кылуу керек экенин балдарга ай сайын эскертип турабыз.
Кыргызстан башка мамлекеттерге салыштырмалуу чакан өлкө. Элибиздин саны да аз. Башка тармактар сыяктуу эле билим берүүнү да реформаласа бат эле жакшы жыйынтыгын берет.
— Туура айтасыз, биздин үйрөнө турчу нерселерибиз чынында көп. Эми ошентсе да АКШда бардыгы эле жипке тизген шурудай болбосо керек?
— Эми беш кол тең эмес да. Кемчилиги да бар. Негизи эле бул жактагы окуучулар Кыргызстандагы окуучуларга салыштырмалуу окуу куралдарына, тамак-ашка ысырапкорчулук менен мамиле кылат. Жөнөкөй эле мисал, Кыргызстанда окуучулар ар бир предметке өзүнчө дептер колдонот, ал дептердин ар бир бетин колдонгонго аракет кылат. Америкада окуучулардын көбү андай эмес. Дептердин биринчи бетине математика сабагын жазса, 3-бетине англис тилин, 5-бетине тарых сабагын жаза берет. Бир барактын эки бетин тең колдоноюн деген түшүнүк жок. Ошондой эле түштө берилген тамактардын жарымын эле жеп, калганын таштандыга ыргытышат. Тентектери болсо ашкан тамакты бири-бирине ыргытып ойношот.
— Чет жакта жүрүп башка тилди үйрөнүү канчалык пайдалуу жана зарыл экенин түшүнүп калсаңыз керек. Чет тилди үйрөнүүдө азыркы жаштар эмнеге басым жасаса жакшы болот?
— Азыр англис тили дүйнөлүк тил болгонуна байланыштуу бардык тармактагы өнүгүүлөр ошол тил аркылуу ишке ашып жатат. Эгер жаштардын келечекке карата кандайдыр бир планы болсо англис тилин жогорку деңгээлде билиши шарт.
— Америкага келгениңизге көз ачып жумгуча эле жети жыл болуптур. Бул убакыт аралыгында "ушул нерсени сөзсүз жасайм" деген пландарыңыз болдубу, ишке аштыбы?
— Америкадан эмне жакшы нерсе көрсөк, ошону Кыргызстанга алып барсак деп кыялданабыз. Бул жерде мен сыяктуу мугалим болуп иштеген кыргыздар көп. Алар менен кээде сүйлөшүп Кыргызстанга пайдабыз тие турган иштерди жасасак дейбиз. Кудай буюрса, бул жерден алган тажырыйбаны пайдаланып мекенибизге кичине да болсо салымыбызды кошконго аракет кылабыз. Азыр мугалимдик квалификацияны жогорулатуу максатында педагогикалык билим алып жатам.