00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Спички и Транспортир
18:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Спички и Транспортир
Зимние истории: как появился Новый год
18:06
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
2025-2026-жылдары коррупция толугу менен жоюлушу керек. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кайрылуусунда билдирди. Анын айтымында, өлкөдө коррупционерлерге карата катаал мыйзамдар күчүнө кирди. "2025-2026-жылдары коррупция толугу менен жоюлушу керек. Катаал мыйзамдар күчүнө кирди. Бардыгына, айрыкча мамлекеттик кызматкерлерге эскертем, кийин билбей калдым дебегиле. Учурунда уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш башталганда көптөр күлүшкөн, бирок учурда Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок экенин ишенимдүү айта алам. Коррупция дагы ошондой жок кылынат", — деди Ташиев. Ал ошондой эле күч структуралары күнөөсүз адамдардын мойнуна кылмыш илип же атайын жасалган иштерге аралаштырбашы керектигин эскертип, алардын "мындай жыйынтыгынын" кереги жок экенин айтты.
Кыргызстанда жаңы жылга аттаган бир күндө 322 бала төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. 2024-жылдын 31-декабрынан 2025-жылдын 1-январында таңкы саат 08:00гө чейин республикада 170 уул, 152 кыз жарыкка келди. "2025-жылдын биринчи төрөтү 00:01де Бишкек шаарындагы Перинаталдык борбордо уул жана Ысык-Ата райондук ооруканасында кыз бала төрөлдү. Кара-Суу райондук ооруканада 00:02де 3 735 граммдык эркек бала жарык дүйнөгө келди. Нарын облустук бириктирилген ооруканасында 00:20да уул төрөлдү", — деп айтылат маалыматта. Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө 11 уул, 11 кыз, Чүй облустук бириктирилген ооруканасында үчтөн уул, кыз жарык дүйнөгө келгени кошумчаланды.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, буудай негизинен Россиядан импортолсо, ун Казакстандан алып келинүүдө. Эске салсак, өлкө өзүн-өзү толугу менен буудай менен камсыздай албайт. Статкомдун соңку маалыматы боюнча 2024-жылдын январь-октябрь айлар аралыгында республикага 234,8 миң тонна буудай импорттолгон. Анын 210,5 миң тоннасы Россиядан, Казакстандан — 24,3 миң тонна; Өзбекстандан — 4,6 тонна алып келинген. 2022-жылдын ушул эле мезгилинде 278,3 миң тонна буудай импорттолуп, көпчүлүгү Россияга туура келген. 2024-жылдын 10 айында 22,1 миң тонна буудай жана арпа-буудай уну Казакстан, Россия, АКШ, Өзбекстан, Франция, Беларусь, Түштүк Корея өлкөлөрүнөн сатып алынган. Мурдагы жылы январь-октябрь аралыгында 28,4 миң тонна ун импорттолгон. Ошентип Кыргызстан өзүнө жетишпеген ун жана буудайдын көбүн ЕАЭБ өлкөлөрүнөн сатып алат.
АКШнын Жаңы Орлеан шаарында жүк ташыган автоунаа айдаган киши элдин арасына кирип барып, бир катарларын сүзүп, тебелетип кеткен. Бул туурасында РИА Новости жазды.Бул окуяны шаардын мэри террордук акт деп атады. "Бурбон көчөсүндө автокөлүк элдин арасына кирип кетип, андан бир топ киши каза болгону тууралуу кабарлар келип түштү. Жүк ташыган машина катуу ылдамдык менен келген. Автоунаа айдаган киши салондон чуркап чыгып, полиция менен атышкан", — деп айтылган маалыматта. Кеминде 10 киши көз жуумп, 30га чукулу жабыркагандыгын кабарлашты. Полициянын маалыматында, бул атайын жасалган. Соңку маалыматтарга таянсак, ал кармала элек.
Жаңылыктар түрмөгү
0