БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен жолукканда мамлекеттин Борбор Азия менен карым-катнашы тууралуу сөз кылды.
Анын айтымында, чөлкөмдөгү бардык мамлекеттер менен алака бекемделди.
Мисалы, Казакстан лидери Нурсултан Назарбаев менен чек ара жана соода маселелери жөнгө салынды. Учурда суу, ветеринария жана фитосанитария боюнча көйгөйлөр талкууланып жатат.
"Шавкат Мирзиёев, Эмомали Рахмон жана Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бири-бирибизге болгон ишеним бекемделди", — деди Жээнбеков.
"Ошондой эле экономикалык кызматташтыкты жакшыртып, Кыргызстан менен товар айлантуудагы үлүштү көтөрүүбүз керек", — деди өлкө башчы.
Мындан тышкары, президент энергетика тармагында Түркмөнстандын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу зарылдыгына токтолду.