БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Элчилик жана консулдуктардын жетекчилери менен жолугушуу учурунда КР президенти Сооронбай Жээнбеков чет өлкөгө командировкага чыккан чиновниктерге нааразы болду.
"Иштешпейт, өздөрүнчө эле турист. Чыгып жатасыңарбы, чай ичкенден тышкары иштеп да келгиле да. Тажрыйба топтош керек, отчет даярдаш керек", — деди өлкө башчы.
Жээнбеков абалга көз салып турууну тышкы иштер министрине тапшырды.