00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Больше штрафов — меньше аварий? Обсуждаем новые меры безопасности
12:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кара-Кулжанын бийлиги адам өлүмүнө айыпталды. Аласалган унаанын видеосу

© Фото / пресс-служба УОБДД Ошской областиКара-Кулжа айылында 28-февралдын түнүндө болгон жол кырсыгы. Архив
Кара-Кулжа айылында 28-февралдын түнүндө болгон жол кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы 28-февралда түнкү саат 12:44тө болгон. Айдоочу жолду бөлүп турган бетон тосмону байкабай ага урунуп, кырсык болгон жерден каза болгон.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кара-Кулжа айылында бетон тосмону сүзүп каза болгон айдоочунун өлүмүнө райондук ЖКККБ менен Кара-Кулжа райондук администрациясы жоопкер экенин юрист Жоомарт Жолдошев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Буга Кара-Кулжа айылында 28-февралдын түнүндө Honda Stepwgn автоунаасынын айдоочусу жолду экиге бөлүп турган бетон тосмону байкабай, катуу ылдамдыкта келатып ага урунуп, машина ала салып кеткен. Кырсык болгон жерде айдоочу каза болгон. Окуя болгон жерге ӨКМ, ЖКККБ жана Тез жардам кызматы келген.

"Эреже боюнча жолду бөлүп турган бетон тосмодо айдоочу түндө алыстан көрө турган жарыкка чагылып туруучу атайын белги болушу керек. Бул жол белгилерин орнотуу боюнча Эскертүүнү жол коопсуздугун камсыз кылуучу жергиликтүү башкармалык берет, аны жергиликтүү бийлик аткарышы керек. Эгер ал жакта жол белгилери болбосо, адамдын өлүмүнө дал ушул эки орган күнөөлүү", — деди Жолдошев.

Ош облустук жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы Кара-Кулжадагы бетон тосмо орнотулар алдында былтыр жергиликтүү бийликке жол белгилерин орнотуу боюнча эскертүү берилгенин билдирди.

Бишкек — Ош жолунда жүк ташып бараткан фура ашуудан кулап, айдоочусу аман калды - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Ош жолунда жүк ташып бараткан фура ашуудан кулап, айдоочусу аман калды. Видео
"Негизинен биз жолдогу коопсуздукту сактоо үчүн жол белгилерин коюуну жана чийиндерди чийүүнү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына беребиз. Эгер стратегиялык маанидеги жол болсо, анда Транспорт жана жолдор министрлигинин бөлүмүнө тапшырабыз. Аталган жол тилкесине бетон тосмолор коюлардын алдында Кара-Кулжа райондук администрациясына жол белгилерин орнотуу боюнча кат түрүндө эскертүү берилген", — деп милициядан маалымдашты.

Кара-Кулжа районунун акими Жээнбү Кебесчиева кырсык болгон жерде тийиштүү жол белгилери бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтты.

"Бетон тосмолор коюлганга чейин жана коюлгандан соң дагы 20, 30 метр ары жакта ылдамдыкты саатына 30 чакырым кылып сактоо тууралуу белги бар. Ал эми бетон тосмолордо жарыкка чагылуучу жана башка жол белгилери жок. Айдоочулар ылдамдыкты азайтуу керектиги тууралуу белгини көргөндөн кийин ал бекеринен орнотулбаганын түшүнөт", — деди Кебесчиева.

Бишкекте жеңил авто маршрутка менен кагышты. Кырсыктын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жеңил авто маршрутка менен кагышты. Кырсыктын видеосу
Ал ошондой эле айдоочу катуу ылдамдыкта айдап келе жатканын кошумчалап, андыктан бетон тосмону байкабай калышы ыктымалдыгын айтты. Ошентсе да аталган аймак жарыктандырылганын белгиледи. Андан сырткары, авария болгон учурда айдоочу мас болгонун кошумчалады.

Учурда ал жерге мындан ары жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча тийиштүү жол белгиси орнотулганын кошумчалады.

Ал ортодо экспертизанын жыйынтыгы расмий чыга элек.

Өз кезегинде юрист Жоомарт Жолдошев маркумдун жакындары жергиликтүү администрацияны сотко бере алышарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0