БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. 2019-жылдын ичинде Россиянын аймагындагы жашоочулар менен мигранттар кызамыкка каршы эмдөөдөн жапырт өткөрүлмөкчү. Бул туурасында Sputnik Тажикстан жазды.
Бул жаатта Россиянын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдын бакубаттыгы боюнча маселеге көзөмөл кылган федералдык кызматы атайын токтом чыгарган.
Аталган иш-чара эпидемия тобокелдиги жогору делген аймактарда масштабдуу жасалат. Эмдөө 1-апрелден тарта 1-октябрга чейин жүргүзүлмөкчү.
Буга чейин Екатеринбург шаарын кызамык каптап кеткендиктен, мигранттар эмдөөдөн жапырт өткөрүлгөн. Анда илдетке чалдыккандардын саны 28ге жеткен.
Вакцинацияда мигранттар көп иштейт деген тармактарга басым жасалган. Алар ири соода жайларында иштегендер, Екатеринбургдагы курулуш фирмаларынын жумушчулары болгон.