Кызамык менен ооругандардын жарымынан көбү бир жашка чейинки бөбөктөр

© Sputnik / Табылды КадырбековДетское отделение Национального центра онкологии и гематологии в Бишкеке
Детское отделение Национального центра онкологии и гематологии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оорунун жайылуусуна жаңы төрөлгөн ымыркайдын кызамыкка каршы эмдөө албай калышы себепкер болууда.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кызамык менен ооругандардын жарымынан көбү бир жашка чейинки бөбөктөр. Ал эми учурда Республикалык инфекциялык ооруканада балдар менен чоңдорду кошкондо 53 адам кызамык оорусунан дарыланып жатат. Бул туурасында Иммундук профилактика боюнча республикалык борбордун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди.

Ал эми акыркы үч суткада ооруканага 23 адам аталган илдетке шектелип түшкөн.

"Январга карата республика боюнча кызамык оорусун жуктуруп алган 500 учур катталган. Алардын жарымы курагы боюнча эмдөө албаган бир жашка чейинки бөбөктөр. Ал эми жалпы санды анализдеп карай келгенде, 1-4 жашар наристелер болууда", — деди ал.

Директордун айтымына караганда, кызамык негизинен Чүй облусу менен Бишкек шаарында көп кездешип жатат, ал эми облустарда дээрлик жок.

Ишенапысова оорунун жайылуусуна жаңы төрөлгөн ымыркайдын кызамыкка каршы эмдөө албай калышы себепкер болгонун айтты.

Директор Республиканского центра иммунопрофилактики при Министерстве здравоохранения КР Гульбара Ишенапысова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Ишенапысова: кызылча оорусу боюнча эпидемиялогиялык кырдаал туруктуу
"Илдетке ички миграция менен вакцинациядан баш тартуу себеп болуп жатат. Диний жаатта жасалган бул маселени чечүү боюнча Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы менен биргеликте иштеп жатабыз. Бизде республика боюнча эмдөө калктын 95 пайызын камтышы керек эле. Жогорку себептерден улам ал өткөн жылдары 93 пайызга түшүп кеткен. Эми бул көрсөткүчтү жогорулатуу боюнча муфтият жана православ чиркөөсү менен да жогоруда айтылган түшүндүрүү чараларын жүргүздүк. Бул иштер уланууда", — деди ал.

Ал оорунун белгилери сасык тумоого окшош болгондуктан, дене табы көтөрүлөрүн айтты.

Ал ата-энелерге 1-6 жашында вакцинаны алууну жана баланын дене табы көтөрүлгөндө аймактык дарыгерди үйгө чакырып, оорудан шектенип жатканы боюнча кабардар кылууну эскертип өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0