Жаздын биринчи күнү! Жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жума күнү өлкөнүн айрым аймактарында кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүйдө +7…+12, Талас облусунда +6…+8 градус болору айтылды.

Ысык-Көл жергесинде +3…+5, Нарын аймагында -4…+1 градус болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8…+13 градус жылуу болору болжолдонду.

Ош менен Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +10...+12 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0