Жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Жума күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй жана Талас облустарында +2…+7 градус болору айтылды.

Ысык-Көл жергесинде 0…+5, Нарын аймагында —5…-10 градус суук болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2…+7 градус жылуу болору болжолдонду.

Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Бишкекте +5…+7, Ошто +3…+5 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0