Бишкектин чет жакасына каттаган маршруткалар жол кирени көтөрүп алганбы?

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүМаршруттук унаалар. Архив
Маршруттук унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү тургундар ИИМ дачасынан бери Бишкекке келген №366 каттамдагы маршруткалар жол кирени мыйзамсыз көтөрүп алышканын айтышууда.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкекке ИИМдин дачасынан бери келген №366 каттамдагы маршруттун ээлери жол кирени өзүм билемдик менен көтөрүп алганын жергиликтүү тургундардын атынан Нурия Кийизбаева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, былтыр ноябрь айынын соңунан тарта жол кире 20 сомдон 25 сомго чейин көтөрүлүп кеткен.

"Маршрутканын айдоочулары жогору жакта жашагандарга каттабайбыз деп коркутканда жашоочулар "28 сом болсо деле төлөп берели, жүрүп тургула" дептир. Төмөнкү жакта жашагандар "эмнеге 28 сом болду" деп чыктык. Кыймыл күчөгөн учурда маршруткага батпай калабыз. Дачадан көптөгөн окуучулар Селекциядагы мектепке келип окушат. Азыр айрымдары 25, кээси 20 сомдон беришүүдө", — деди Кийизбаева.

Автонуаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жол кире эмне үчүн кымбаттайт. Мэриянын жообу
Ал ошондой эле №366 каттамдагы маршрутка "Байтору" фирмасына карай турганын айтып, алар 2012-жылы чыккан чечимди жүйө келтирип, жол кирени кымбаттатканын айтып жатышканын кошумчалады. Ошондой эле жергиликтүү тургундар кол чогултуп, президентке чейин кайрылганын белгиледи. Бирок азырынча эч кандай жооп боло элек.

"Байтору" фирмасынын бригадири Марат Жусупбеков учурда №366 каттамда 13 маршрутка иштей турганын жана бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

"Жол киренин көтөрүлгөнү мыйзамдуу эле нерсе. Эмне үчүн дегенде Монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттигинин Чүй, Талас облусу боюнча бөлүмүнүн 2012-жылы май айындагы токтому менен атайын баа бекитилген. Ошондо жол кире 28 сом болот деп жазылган. Биз ашыкча акча бергиле деген жокпуз, өкмөт тарабынан бекитилген акчаны талап кылып жатабыз", — деди Жусупбеков.

Компаниянын бригадири, андан сырткары, 2012-жыл менен 2019-жылдагы күйүүчү май жана тетиктердин баасынын айырмасы бир топ экенин баса белгиледи.

Жусупбеков жол кире декабрдын башында прейскуранттын негизинде 20 сомдон 25 сомго эл менен макулдашылып көтөрүлгөнүн айтты. Андан сырткары, маршруткалардын аралыгы бир сааттан жарым саатка чейин кыскартылганын билдирди.

Электрондук билет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек: коомдук транспортто колдонулчу электрондук билетке тендер жарыяланды
"Мурда маршруткалардын интервалы бир саат болчу, эл сурангандыктан жарым сааттан кылдык. Чындыгында биз каттаган жолдун абалы өтө начар. Балдарды "ушунча иштедик, аракетибиз текке кетпесин" деп эле эптеп кармап жүрөм", — деди ал.

Жусупбеков, андан сырткары, маршрутканы тескөө жооптуу жумуш экенин белгилеп, айрым кишилер аларды атайылап жаманатты кылууга аракеттерди көрүп жатканын билдирди.

Ал эми Чүй облустук транспорт башкармалыгынын жетекчиси Курманбек Сыдыков ушул жекшемби күнү, 20-январда, жеринде жыйын болорун, ошол жерден айыл тургундарынын, маршрутка айдоочуларынын катышуусу менен маселе караларын билдирди. Бир жыйынтыкка келип, маселеге чекит коюлат деген ниетин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0