Ага чейин Баткен согушунун катышуучуларына Улуу Ата Мекендик согуш, Афган согушунун ардагерлериндей эле мамлекет тарабынан ар кандай жеңилдиктер каралган. Бирок каражаттын жоктугунан улам кийин ал жеңилдиктер кыскартылды. Бул тууралуу Канат Бакалов Sputnik Кыргызстан радиосунун Баткен согушунун 20 жылдыгына арналган эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эми өкмөттүн 2018-жылдын 25-декабрындагы 615-буйругу жарык көргөндөн кийин Баткен согушунун катышуучулары өз көйгөйлөрүн бийликке жеткирүүгө аракет көрө башташат.
"Биз мурда Афган согушунун ардагерлер кеңеши менен иштешип, ошолордун мүчөсү болуп жүрдүк. Андан кийин убакыт-сааты келгенде бөлүнүп кеттик. 2010-жылы 16-августта Юстиция министрлигинен каттоодон өттүк. Аймактардагы биринчи филиалдарыбыз Балыкчыда, Нарында, анан Жалал-Абадда ачылды. Ошентип отуруп Республикалык Баткен согушунун ардагерлер кеңеши түзүлдү. 2003-жылга чейин бизде Улуу Ата Мекендик, Афган согушунун ардагерлериндей эле жол кире, коммуналдык төлөмдөргө жеңилдиктер бар болчу. Кийин аны акчалай каражатка которуп, бюджетте акча жоктугунан улам ал дагы каралбай калды. Эми өкмөттүн токтому чыккандан кийин көйгөйлөрдү көтөрөбүз. Айтсак, Баткен согушунда уулунан ажыраган ата-энелерге ай сайын болгону 1000 сом чегерилет. Бул уулун жоготкон адам үчүн өтө аз. Аны жети миңге чыгарууга аракеттерди көрөбүз", — деди Бакалов.
Ошондой эле ал Баткен согушуна жалпысынан алты миң кыргыз жоокери катышкандыгын айтып, анын үч миңи кеңештин мүчөсү экендигин кошумчалады.