БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Түкүрүү үчүн каралган айып пул эл арасында бир топ эле ызы-чуу жаратты. Бирок жыл башынан тарта күчүнө кирген Эреже бузуу боюнча кодексте талаш жараткан бир топ нерсе бар. Алардын бири — "Мас абалында автотранспорт башкаруу" каралган 128-берене. Анын биринчи пунктунда мас абалындагы айдоочуга 17 500 сом айып каралган, ал эми юридикалык жактарга 55 миң сом салынат.
Баары эле түшүнүктүү болгону менен үчүнчү пунктуга келгенде көйгөй жаралат. Анда мас экенин текшертүүдөн баш тарткан жеке тараптар 5500 сом айыпка жыгылса, юридикалык жактар 17 миң сом айып төлөшү керек.
Машинанын катуу ылдамдыкта айдоо жөнүндөгү макаладагыдай эки ача ойлор бул маселеде да бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы тактады.
Сот реформасы тармагындагы жаңы сот далилдерин мониторинг жасоо боюнча жумушчу топтун мүчөсү Ирина Летова текшерүүдөн баш тарткан айдоочу эки айып пулду тең төлөй турганын, анткени ал мындай кадамы менен мас экенин моюндап жатканын түшүндүрдү.
"Эгер сиз текшерүүдөн баш тартып жатсаңыз, мас экениңизди дароо моюнга алып жатпайсызбы. 5500 сом айыптан тышкары сизге биринчи пункт боюнча — мас абалында автоунаа айдаганыңыз үчүн да айып пул салынат. Андыктан сиз машинаны андан ары айдап кете албайсыз", — деди ал.
Бирок аткаруучу органдар Эреже бузуу боюнча кодекстин аталган беренесинде түшүнбөстүктөр бар экенин айтышууда.
Бул маселени кароого укуктуу болгон орган Ички иштер министрлиги учурда "Эреже бузуу боюнча кодекске кошумча менен өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" сунушту иштеп чыкканын маалымдады. Анда негизги басым "Мас абалында автоунаа айдоо жөнүндөгү" беренеге жасалган.
"Эреже бузуу боюнча кодексти карап чыгып ИИМ бир катар кемчиликтерди аныктап, өзүнүн сунушун Жогорку Кеңешке жөнөттү. Эми ал бекитилиши керек. Сунушталган толуктоодо айдоочунун текшерүүдөн өтүүдөн баш тартуусу анын мас экенин моюндаганга жатат деген пункт киргизилди", — деди булак.
Алар ошондой эле мыйзамды аткаруучулар иштей турган механизмдер так көрсөтүлбөгөнүн белгилешти. Кызматкерлердин кандай аракеттерди көрүүсү керектиги жазылган эмес жана жарандардын кодексти жакшылап түшүнүүсү боюнча түшүндүрмө берилген жок.
Бул нерсе жаңы мыйзамдагы биринчи алешемдик эмес. Мисалы, Бишкек мэриясы коомдук жайларда жерге түкүргөн кишилерди кандай жол менен жоопко тартарын билбей келет.