Жаштардын дүйнөлүк тилдерди үйрөнүүгө болгон умтулуусу абдан жакшы, бирок тил билүүгө басым жасап жатып айрым таланттуу, башталгыч жазуучулар адабиятка болгон кызыгуусун жоготуп алышы мүмкүн. Мындай пикирин Гүлзада Станалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ар улуттун эне тили анын адабий чыгармаларында гана бай, кооз экени билинип, ачыла алат.
"Ааламдашуу заманы деп келебиз. Ага жараша жаштарыбыз да көп тил билүүгө кызыгышат. Албетте, бул жакшы көрүнүш, бирок ар улуттун тили — анын байлыгы. Тили бар гана улут улут катары эсептелет. Мына ушул тилди байытып, кеңейтип сактаган — бул адабият. Ал эми жаштардын көп тил билүүгө кызыгып жатканы адабиятка шыгы бар балдарды алаксытып, эне тилинде чыгарма жазуусуна тоскоол болуусу мүмкүн. Алар кыргыз тилин байытып, кыргыз тилинде чыгарма жаратпай, башка тилде жазып калышы ыктымал", — деди Станалиева.
Ал кыргыз адабиятынын учурдагы абалы жаман эмес экенин кошумчалады.