Ысык-Атада жаш келиндин сөөгү табылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүКурчоо. Архив
Курчоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тартип коргоо кызматкерлери анын ким экендигин тактап жатышат.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Ысык-Ата районундагы айылдардын биринде 1-январда жаш келиндин сөөгү табылды. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Сөөктү саат 16.25тер чамасында табышкан. Маалыматтарга караганда, аял 25-30 жаштар чамасында болгон.

Милиция кызматкерлери маркумдун денесинен кыйналып өлтүрүлгөн белги байкалбагандыгын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0