Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүЗимний отдых москвичей
Зимний отдых москвичей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30-декабрда республика боюнча карга айланган жаан жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. 30-декабрь, жекшембиде, өлкө боюнча күн бүркөлүп, карга айланган жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл өрөөндөрүндө +1…+6 градус, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +4…+9 градус жылуу болсо, Нарында —8…-13 градуска чейин суук болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Абанын температурасы Ошто +6…+8, Бишкекте +2…+4 градус жылуу болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0