БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Нигериянын Калабар шаарында өткөн "Африка сулуусу — 2018" сынагынын финалы чуулуу окуя менен аяктады.
Miss Congo, Kasinde's hair caught on fire after she was crowned Miss Africa 2018 on stage. pic.twitter.com/6VxXGD58S5
— Africa Facts Zone (@AfricaFactsZone) 28 декабря 2018 г.
Иш-чаранын эң кызыктуу бөлүгү, тагыраагы, жеңүүчүгө таажы кийгизүү маалында сахнага орнотулган пиротехниканын учкуну конголук Доркас Касинденин чачына жабышып, жалындап кетти.
That was how Miss Congo won and her head almost got burnt.
— HASSAN FLEXIBLE (@mr_flexible) 28 декабря 2018 г.
Calabar I fear pic.twitter.com/Gm5Cz01ofp
Видеодо көрүнүп тургандай, чачы күйүп жатканын кыз алгач сезген жок. Бирок от көрүнөрү менен алып баруучу жана залда отургандардан 1-2 адам жардам көрсөтүп, аны өчүрүп калышты.
Daily Post сайтынын жазганына караганда, кыз жабыркаган эмес.