Блокадага алынган Ленинграддан келген балдардын эң кичинекейи бир жарым жашка чыга элек наристелер болчу. Айрымдарынын колуна жеке маалыматы камтылган бирка оролуп келген. Бул тууралуу Марат Абдиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, апасы Токтогон эне биркада жеке маалыматы өчүп калгандарга жаңы ысым берип, ар бирине энелик мээримин төккөн.
"Апам 1925-жылы төрөлгөн. 1942-жылы Ленинграддан ачка, согуштун очогунан жер которуп келе жаткан 150дөй баланы кабыл алууга туура келиптир. Ошондо апам болгону 16-17 жашта экен. Камкордукка алган балдардын жеке маалыматы сакталбай калгандарына өзү ысым бериптир. Согуш аяктагандан кийин көбү жакындарын энем аркылуу табышты. Мурда бардыгы менен баарлашып, катышып турчу. Кийин союз урагандан кийин басаңдап калды. Апам Кыргызстандын тарыхын мыкты билген адам эле, мыйзамдарды жакшы билчү, эс-тутуму күчтүү болчу. Көбү апамды "оозеки, жөө жүргөн энциклопедия" деп атап коюшчу. Апамдын ысымы кийин элдин демилгеси менен бир катар маданий жана социалдык мекеме жайларга коюлду", — деди Абдиев.
Ошондой эле ал убагында Токтогон Алтыбасарованын эмгеги тууралуу атайын "Мен жашагым келет" аттуу фильм тартылгандыгын кошумчалады.