БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Чоң кишилердин теңинин же 45,6 пайызынын салмак боюнча көйгөйү бар экенин Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Көрсөтүлгөн сандарга ылайык, 18ден өткөн кыргызстандыктардын 1,5 пайызы өтө эле арык. 53,5 пайызыныкы салмагы өз курагына туура. 34,5 пайызы ашыкча салмактан жабыркап келсе, 10,5 пайызы өтө эле семиз.
Маалымат 2017-жылдын жыйынтыгы менен алынды.
Чоң курсактан арылуунун жолун таппай жүрсөңүз, диетологдордун сунушуна көз чаптырып коюңуз.