Көлөмү боюнча "Кумтөрдөн" кийинки орунда турган ири кенде алтын казуу иштери 2018-жылы башталмак. Бирок жыл аяктап калганына карабай, "Жер-Үйдө" өндүрүш ишке кире элек. Sputnik Кыргызстан агенттиги кендин айланасындагы маселенин күнгөй-тескейин тактап көрдү.
Узакка созулган документ
Өткөн кылымдын 60-жылдары чалгындоо жүргүзүлгөн "Жер-Үй" кенинде 21 миллион тоннадай кен байлыктын кору бар. Ал ачык карьер түрүндө казылып, бир тонна рудадан 26 граммга чейин алтын алууга болот. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин аны иштетүүгө бир нече чет элдик компания кызыгып, ал инвесторлордун аракети ийгиликтүү болбой, эл аралык сотко кайрылганга чейин жетишкен. Алардын арасында Улуу Британия, Россия, АКШ, Австралия, Канада жана Казакстандан келген компаниялар болгон.
"Русская платина" компаниялар тобундагы "Альянс Алтын" ЖЧКсынын генералдык директору Михаил Шубиндин билдиришинче, долбоор уруксат кагаздарынын кечиктирилишинен улам кармалууда.
"Кен казуу иштеринин графиги боюнча алты айга артта калып жатабыз. Ал эми алтынды байытып алуучу фабрика курулушу боюнча сегиз айга кечигүүдөбүз. Мунун баары мамлекеттик органдардан берилчү уруксат кагаздарынын кечиктирилгенинен улам келип чыкты. Ошондой эле биз лицензияда каралган жерди өзүбүзгө ала албай кыйналдык. Мамлекет бөлүп бере турган жерди "Кыргызалтындан" сатып алууга мажбур болуп, ага эле бир жылдай убакыт кетти", — деди Шубин.
Ошондой эле ал өндүрүштүк имараттар жайгаша турган аймакка электр энергиясын туташтыруу процедурасы да узакка созулгандыгын кошумчалады.
Өндүрүш баштала элек жатып соттошкон тараптар
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети "Альянс Алтын" ЖЧКсына 600 миң доллар өлчөмүндө айып пул салган. Мекеме буга курулуш иштеринин өз убагында башталбагандыгын жүйө келтирген. Бирок инвесторлор мындай чечимге макул болбой комитетти сотко берген. Ошентип алтын казыла элек жатып инвесторлор менен өкмөт соттошууга чейин жетишти.
Мындан сырткары, мамлекеттик орган эгер компания алтынды байытуучу фабриканы учурунда ишке киргизбесе да ай сайын 100 миң доллардан айып пул сала тургандыгын эскерткен. Куруучулар аны өз убагында 2019-жылдын март айында ишке берип, ошол эле жылдын август айында алгачкы алтын чыгаруу иши башталат деп ишендирүүдө. Бирок 2015-жылдагы пландарга ылайык, алтын казуу иштери ушул жылы эле башталмак. Жалпы кенди толук өндүрүшкө киргизүү бир жылдай убакытка кечеңдеп жатат.
Азыр "Жер-Үй" кенинде курулуш иштери уланууда. Аймакта 400гө жакын куруучу, 140тай техника иштөөдө. Алар жалпы инфраструктуралык жана өндүрүш объектилерин салуу менен алек.
Нааразы болгон инвесторлор
"Русская платина" мамлекеттик концернинин расмий өкүлү Андрей Румянцев жаралган абал боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Биз лицензия алганда жер боюнча маселе такыр жаралбайт деп ойлогонбуз. Көрсө, ал жер "Кыргызалтын" менен жеке тараптарда экен, ошондой тоскоолдуктарга кабылдык. Менимче, кыргыз бийлиги мындай ири долбоорду биринчи жолу ишке ашырып жаткандыктан ушундай кемчиликтерди кетирди. Анан бул узак убакыттан бери соңуна чыкпай келе жаткан долбоор болчу да. Ага карабай, биздин акционерлер анын толук ишке ашуусуна ишенет, биз диалогго ачыкпыз", — деди Румянцев.
Ошондой эле ал "Жер-Үй" кенинин лицензиясынын мурдагы ээлеринен ал жерде курулган имараттарды толук сатып алып, кыргыз бийлигин сотко берген компаниянын ири суммадагы доосун толук төлөп берип маселени чечкендигин кошумчалады.
Маалыматка ылайык, инвесторлор алтын кенин ишке киргизүү үчүн 2015-жылдан бери 104 миллион доллардан ашык каражат сарптап, 2019-жылы кошумча 168,6 миллион доллар жумшайт.
Каржылоо маселесине байланыштуу дагы бир кызык жагдай бар. Инвесторлор буга чейин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Уланбек Рыскулов менен макулдашып, россиялык банктан насыя алуу үчүн кенге алган лицензияны күрөөгө коюп акча ала баштаган. Кийин комитеттин төрагасы алмашып жаңы дайындалган Эмил Осмонбетов мындай аракеттерге жол берген эмес.
Жергиликтүүлөрдүн тынчын алган кадр маселеси
Жогоруда аталган көйгөйлөрдөн сырткары, калк арасында да талаш маселелер четинен чыгууда. Элеттиктердин айрымдары кенге жумушка тааныш-билиш, тууган-туушкан, куда-сөөгү жок кирүүгө мүмкүн эмес болуп жаткандыгын айта башташты. Алардын бири Талас районундагы Өмүралиев айылынын тургуну Бахидин Черикчиев өң-тааныштыкка салуу болуп жаткандыгын жашырбайт.
"Ишке негизинен жергиликтүү кеңештин депутаттары, аким жана жогорку кызматта иштеген айрым аттуу-баштуу адамдардын жакындары киргизилип жатат. Аны карапайым калк билбей жатат деп ойлошууда. Эмнеге ал жерге тааныш-билиши барлар эле иштеши керек да калгандары көчөдө жүрүшү керек? Бардыгына бирдей мамиле жасалып, калыс каралышы абзел. Ар кандай ызы-чуу, түшүнбөстүктөр ошондон улам чыгат", — деди ал.
Жыл башынан бери жергиликтүү тургундардын катышуусунда бир катар кендердин айласында башаламандыктар болгон. Алсак, жазында Тогуз-Торо районунун жашоочулары ал жакта алтын ылгоочу заводдун курулушуна каршы митингге чыгып, жаңы салынып жаткан курулушту өрттөп жиберишкен. Кийин декабрь айында Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы Терек-Сай айылынын тургундары менен түркиялык "Эти Бакыр Терексай" ишканасынын кызматкерлери ортосунда чыр чыгып 14 киши камакка алынган. Жыйынтыгында алтын өндүргөн ал ЖЧК өз ишин убактылуу токтотууга мажбур болду.
Көпчүлүктү түйшөлткөн мамлекеттик үлүш
Айрым адистер мындай жагдайларды болтурбоо үчүн сынактарды жакшы өткөрүп, акчасы кенен, тажрыйбасы мол компанияларга гана лицензия берүү зарылчылыгын баса белгилешет.
Тоо-кен металлургия профсоюзунун төрагасы Элдар Тажибаевдин баамында, кенди иштете турган тараптар тыкыр изилдениши зарыл.
"Биринчиден, мамлекет белгилүү бир кенди иштетүүгө кадам таштаганда алгач кызыкдар тараптарды сүйлөшүүлөр аркылуу тактап, алар изилдениши керек. Тандоо процессинде лицензияны татыктуу, тажрыйбасы мол компанияларга берүү зарыл. Экинчиден, уткан тараптар менен геология тармагын көзөмөлдөгөн мамлекеттик орган кен жайгашкан жердеги эл менен тыгыз иштешпесе болбойт", — деди ал.
Учурда мамлекеттик комитет жалпы алтын кенине 600гө жакын лицензия берген. Анын 270и чалгындоого, 97си казуу үчүн жана калгандары изилдөөгө тапшырылган.