БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Ош шаарынын таштанды жайынан жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБден кабарлашты.
Маалыматка караганда, ымыркайдын сөөгү 13-декабрь күнү саат 14.40тар чамасында болгон.
"Таштанды жайдан темир-тезек чогулткан аялдар коробка таап алып, ичинде ымыркайдын сөөгү бар экенин көрүшкөн. Үстү аялдын көйнөгү менен жабылган экен", — дешти милициядан.
Таштанды жайга оперативдүү топ ошол күнү жөнөп тегерек-четин изилдеген. Учурда ымыркайдын энесин табуу үчүн тийиштүү иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.