https://sputnik.kg/20181214/makmal-altyn-kenin-ishtetuu-1042436973.html
Макмал алтын кенине 3 компания инвестиция салууга кызыкты
Макмал алтын кенине 3 компания инвестиция салууга кызыкты
Sputnik Кыргызстан
Жакынкы күндөрү инвесторлордун берген сунуштары каралып чыгат. 14.12.2018, Sputnik Кыргызстан
2018-12-14T15:30+0600
2018-12-14T15:30+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/103484/53/1034845355_0:199:1962:1308_1920x0_80_0_0_9b40c945a15de3a8888d2a431e6a4afd.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2018
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103484/53/1034845355_0:75:1962:1308_1920x0_80_0_0_1298a6d0cf9914f15879aa806b765417.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жаңылыктар, экономика, кыргызалтын, "макмалалтын" комбинаты
кыргызстан, жаңылыктар, экономика, кыргызалтын, "макмалалтын" комбинаты
Макмал алтын кенине 3 компания инвестиция салууга кызыкты
15:30 14.12.2018 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Жакынкы күндөрү инвесторлордун берген сунуштары каралып чыгат.
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. "Макмалалтын" комбинатынын филиалынын базасына бирдиктүү ишкана түзүү боюнча сынакка үч компания табыштама жиберди. Бул туурасында "Кыргызалтын" ААКтын маалымат кызматы билдирди.
Жакынкы күндөрү катышуучулардын берген сунуштары каралып чыгат.
Ал төмөнкү компаниялар:
- "Мансон Групп" ЖЧКсы;
- "Шынкыйюан Фрунзе" ЖЧКсы;
- "Борбордуказия металлкому" ЖЧКсы.
Буга чейин "Кыргызалтын" сынактын критерийлерин жарыялаган болчу.
"Макмал алтын" кени тууралуу
"Макмал" алтын кени Бишкектен 630 чакырым алыстыкта жайгашкан. Тогуз-Торо районунун бюджетинин 95 пайызын камсыздап турган социалдык объекти 1986-жылы ишке кирген. Учурда миңден ашуун адам иштейт. 1986-1996-жылдары "Макмалда" кен ачык түрдө казылып алынып келген. Акыркы жолу 2012-жылдан киреше менен чыккан. Комбинат алгач 10 жыл гана иштейт деп ачылган.