00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Түндюк, эдельвейс и звезда: как теперь оценивают жильё для туристов в КР
08:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Акушерлик кызматтар жакшырды, бирок кадр жетишсиздиги көйгөй болууда — себеби эмнеде?
09:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Стройка идет, цены растут: что происходит с жильем в Бишкеке
10:04
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкектеги таштандыларды кайра иштетүүчү заводдон өндүрүлгөн электр энергиясы эмнеге жумшалат?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандагы музейлер кандай абалда? - Эл аралык музейлер күнү биздин өлкөдө кантип белгиленет?
13:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Россияда мигранттарга күчөтүлгөн көзөмөл – Кыйынчылыкка кабылбаш үчүн кыргызстандыктар эмне кылышы керек?
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Түйшүгү да бактысы да тоодой мугалимдик кесип – Чемпиондорду даярдаган Мамат Ишматов
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
ЕАЭБ алкагында криптовалюта жана блокчейндерди жүгүртүүнүн келечеги кандай?
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россияда мигранттарга күчөтүлгөн көзөмөл – Кыйынчылыкка кабылбаш үчүн кыргызстандыктар эмне кылышы керек?
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Быйыл кайсы спортчулар бүлө күттү? Улакчы Ниязовдон тарта балбан Алтынайга чейин

© Фото / Адилет ТопчубаевИгрок национальной сборной по кок-бору Манас Ниязов
Игрок национальной сборной по кок-бору Манас Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ түштүк жергесинде дүңгүрөгөн тойлордун бири өттү. Дегеним, Кыргызстандагы белгилүү көкбөрүчү Манас Ниязов бойдокчулук менен кош айтышты. Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жыл башынан бери таанымал кайсы спортчулар бүлө курганына абай салды.

Улакчы Манас Ниязовдун колуктусунун аты Назира, экөө көп убакыттан бери сүйлөшүп жүрүшкөн. Ал 20 жашта, Өзгөн районунан болот. Ал эми улакчы 25 жашта, ал да ушул эле райондун Дөң-Булак айылынын кулуну. 

Манас Ниязов — Кыргызстандын алдыңкы улакчыларынын бири. Ал көк бөрү боюнча улуттук командада жана Оштун "Достук" командасында ойноп жүрөт. 

ММА мушкери Бусурманкул Абдубаит уулу Нестан Ырысбаева аттуу кызга баш кошкон. Ал — аралаш мушташ боюнча турнир өткөргөн россиялык M-1 уюму менен келишим түзгөн биринчи кыргыз спортчусу. 

© Фото / Жаныбек ФаизовММА мушкери Бусурманкул Абдубаит уулу
Свадьба бойца ММА Бусурманкула Абдубаита уулу - Sputnik Кыргызстан
ММА мушкери Бусурманкул Абдубаит уулу

"Спорт убактылуу, жеке жашоо түбөлүктүү" деген балбан Алтынай Мамарасул кызы дагы турмуш жолуна аттанды. Спортчу кыз алыш күрөшү боюнча жабык имараттагы Азия оюндарынын чемпиону, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарында (2016, 2018-жж.) II жана III орундарды алган. Ал эми өмүрлүк жары дагы спорттон алыс эмес адам. Ринат Марс уулу — аралаш мушташ боюнча спорт чебери. Жубайлардын жашы тең, 21 жашта. Үч жылдан бери сүйлөшүп келишкен. 

© Фото / Студия ФокусБалбан Алтынай Мамарасул кызы
Чемпион Азии по алышу (классический стиль) Алтынай Мамарасул кызы - Sputnik Кыргызстан
Балбан Алтынай Мамарасул кызы

Дзюдочу Юрий Краковецкий дагы бойдокчулук менен кош айтышкан. Ал кыргызстандык дзюдочулардын ичинен ийгиликтүү спортчу катары эсептелинет, эки ирет олимпиада оюндарына катышкан (Рио-До-Жанейро жана Лондон). Анын сүйүктүүсү Дарья Цветкова чыгармачыл адам, графикалык сүрөттөрдү тартат. 

Жоокердик самбо боюнча спорт чебери, ММА мушкери Немат Абдрашитов да үч жыл бою сүйлөшүп жүргөн кызына баш кошкон. Спортчу жарынын жаш курагы, аты-жөнү тууралуу кеп кылууну каалаган жок. 

© Фото / Адылбек БаймурзаевЖоокердик самбо боюнча спорт чебери, ММА мушкери Немат Абдрашитов
Боец смешанный единоборств из КР Немат Абдрашитов - Sputnik Кыргызстан
Жоокердик самбо боюнча спорт чебери, ММА мушкери Немат Абдрашитов

Өлкөдөгү белгилүү кикбоксчулардын бири, дүйнө чемпиону, эл аралык класстагы спорт чебери Авазбек Аманбеков Айнура аттуу бийкечке тагдырын байлады. Жаш жубайлар үч жыл сүйлөшкөн. 

ММА мушкери Мырзамидин Пазылов да үй-бүлөлүү адамдардын катарын толуктап, Калымгүл Эсенбек кызына баш кошкон. Жаштар үч жыл сүйлөшкөн. Пазылов WEF уюмунун эң жеңил салмактагы (57 кг.) чемпиону, грэпплинг боюнча эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү. 

© Фото / из личного архива Мырзамидина ПазыловаММА мушкери Мырзамидин Пазылов
Боец смешанных единоборств Мырзамидин Пазылов - Sputnik Кыргызстан
ММА мушкери Мырзамидин Пазылов

Ошондой эле бойдокчулук менен кош айтышып, бирок элге жеке жашоосун жарыялагысы келбегендер бар. Алардын катарын футболчу Азамат Байматов, Фархат Мусабеков жана мушкер Азиз Сатыбалдиев толуктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0