Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүКар түшкөн дарактар. Архив
Кар түшкөн дарактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшембиде өлкө аймагында күн ачык болушу болжолдонду.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. 18-ноябрь, жекшембиде республикада жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы Чүй облусунда 2…7, Таласта 4…9 градус жылуу болушу күтүлөт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүн табы 9…14 градуска чейин көтөрүлсө, Нарын аймагында 0…5 градуска чейин жылуу болуп, Ысык-Көл өрөөнүндө 3…8 градуска жетет.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болот. Абанын температурасы Ош шаарында 6…11, ал эми борбор калаада 3…5 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0