Бишкектеги троллейбустар саат 22.00гө чейин жүрөт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүВ Омске выпал первый снег
В Омске выпал первый снег - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө борбор калаада 121 троллейбус иштеп жатат.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бишкектеги троллейбустардын иши суукка байланыштуу саат 22.00гө чейин узарды. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн борбор калаада элди 90 автобус, 121 троллейбус жана 1 806 маршруттук такси тейлеп жатат.

Коомдук транспорттун иши тууралуу суроо жаралса, төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууга болот:

  • (0555) 33-00-31 (троллейбустардын иши боюнча);
  • (0312) 53-36-48 (маршруткалардын иши боюнча);
  • (0312) 53-48-24, 53-18-17 (автобустардын иши боюнча).

Мындан бир нече күн мурун карга чулганган Бишкектин асмандан көрүнүшүн тартканбыз. Кооздугу эми бир укмуш!

Жаңылыктар түрмөгү
0