БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Ар бир кыргызстандык өзүнүн диний ишенимин жана этностук таандыгын унутпай, эӊ оболу өзүн Кыргызстандын жараны экендигин аӊдап түшүнүп, аны менен сыймыктана тургандай шартты түзүү зарыл. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барганда айтты.
"Тарыхты терең түшүнүү жана анын сабактарын эске алуу менен гана Кыргызстан келечекте өнүгүүнүн багыттарын туура аныктайт. Болочок муун үчүн бекем негиз түзөт. Азыркы дүйнөдө өзүнүн татыктуу ордун ээлей алат. Биз ар бир этностун тарыхын жана маданиятын окуп-үйрөнүүгө, жайылтууга болгон умтулуусун урматтайбыз жана колдойбуз. Ошол эле учурда ар бир кыргызстандык өзүнүн диний ишенимин жана этностук таандыгын унутпай, эӊ оболу өзүн Кыргызстандын жараны экендигин аӊдап түшүнүп, аны менен сыймыктана тургандай шартты түзүү зарыл", — деген Жээнбеков.
Ал улуттук ыйык идеялардын бири — бул Ата Мекендин эркиндиги, көз карандысыздыгы экендигин айткан.
"Кудай бизге бирдиктүү, күчтүү, өнүккөн Кыргыз мамлекетин курууга тарыхый мүмкүнчүлүк берди. Мына ошол мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайлы.
Жээнбеков быйыл Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү экинчи жолу белгиленип жаткандыгына токтолуп, Кыргызстандын тарыхы – сыймыктана турган тарых экендигин айткан.
"1924-жылы өзүнчө облус болуп, андан соң Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы түзүлдү. Көптөгөн кылымдар мурда ажырап калган мамлекеттүүлүгүбүз кайра жаралды. Совет мезгилинде Кыргызстандын экономикасы, маданияты, илим-билим, саламаттыкты сактоо тармагы дүркүрөп өстү, өнүктү. Ошону менен бирге советтик доор саясий куугунтуктоолор, сүргүнгө айдоолор жана кулакка тартуулар, массалык репрессиялар менен коштолду. Ал кездеги драматизмге жана трагедияга жык толгон окуялар кыргыз элинин тарыхында өчпөс кара так болуп сакталып калды", — деген мамлекет башчы.
Ал бейажал кеткен кыргыз каймактарынын трагедиялуу өлүмүнө токтолгон.
Мындан туптуура 80 жыл мурда 5-7-8-ноябрь күндөрү ушул Чоӊ-Ташта мамлекетибиздин пайдубалын түптөгөн Жусуп Абдрахманов, Мурат Салихов, Осмонкул Алиев, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов, Эркинбек Эсенаманов, Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков жана башка 138 чыгаан инсандардын кырчындай өмүрлөрү кыйылган. Жашыруун көмүлгөн сөөктөр ың-жыңсыз 53 жыл жатып, 1991-жылы гана Бүбайра Кыдыралиева кыш чыгаруучу эски заводдун жүрөк титиреткен сырын ачыкка чыгарган.
Ал эми 1991-жылдын 30-августунда, Кыргызстан эгемендүү мамлекет болордон бир күн мурда, 138 адамдын сөөгү ак кепинделип, кастарланып, кайра көмүлдү.
Алардын арасында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматовдун сөөгү да табылган.
"Жалпысынан кийинки изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына ылайык, Кыргызстан аймагында 20 миңден ашуун адам 1930-жылдардагы репрессиянын курмандыгы болгон. Бул албетте, кыргыз эли үчүн орду толгус жоготуу, чоң трагедия болгон. Өкүнүчтүүсү, жазыксыз жерден бийликтин каарына кабылып, атылып-асылып жок кылынгандардын сөөгү кайсы жерге жашырылганы көп жылдар бою белгисиз болуп келген", — деди Жээнбеков.
1996-1997-жылдары гана атайын жыйнактар чыгып, биринчи жолу акталган сегиз миңден ашык адамдын тизмеси жарыяланган.
"Аталган китептер репрессияга туш болгон биздин жарандарыбыздын, алардын урпактарынын алдында жасаган эскерүү парзыбыз. Мындан ары да бул ишти улантып, негизсиз абакка камалып, суроо-сопкуту жок атылып кеткендер тууралуу маалыматтарды чогултуп, жакындарына, жалпы коомчулукка жеткирүү зарыл", — деген мамлекет башчы.
Жээнбеков элибиздин башына экинчи мындай караңгы күндөр түшпөсүн деген тилегин айтып, элге биримдик, жерге тынчтык каалаган.