Илмияновго 150 миң доллар берди деген компания тууралуу эмне белгилүү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЦеремония награждения государственными наградами за вклад в социально-экономическое развитие КР
Церемония награждения государственными наградами за вклад в социально-экономическое развитие КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМК тараткан маалымат боюнча былтыр "Дизель комплект" ЖЧКсы Икрамжан Илмияновго 150 миң доллар берген делет.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. КСДП дүйшөмбү күнү УКМК менен болгон кат алышуусун жарыялаган.

Тергөөчүнүн партияга жолдогон катында 2017-жылы 8-августта шайлоо штабынын жетекчисинин орун басары Илмиянов "Дизель комплект" ЖЧКсынын өкүлүнөн 150 миң доллар "демөөрчүлүк жардам" катары алганы боюнча маалыматтар алынганы жазылган.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Илмиянов тергөө органдары менен активдүү кызматташууда
Sputnik Кыргызстан агенттиги катта аты аталган компания эмне деген ишкана экенин билип көрүүгө аракет кылды. Юстиция министрлигинин маалыматтар базасында "Дизель комплект" ЖЧК аттуу бир гана компания катталган.

1. Ал "Бишкек" эркин экономикалык аймагында катталган.

2. Адистешпеген дүң соода кылуу менен алектенет.

3. Юстиция министрлигинин сайтында ишкананын жетекчиси деп Николай Викторович Грамович (муну БелАЗ — Белоруссия авто заводунун сайтындагы маалымат дагы тастыктайт) белгиленген. Ал эми учредители Грант Рафаэлович Оганянц. Россиядагы компаниялар тууралуу маалыматтар камтылган "За честный бизнес" сайтындагы маалымат боюнча Грант Рафаэлович Оганянц "Спецтехника" ЖЧКсынын жетекчиси. Андан сырткары, ал "Холдэкс" ЖЧКсынын жетекчиси жана негиздөөчүлөрүнүн бири, бирок бул компания учурда жоюлуу стадиясында турат.

4. "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын сайтындагы маалымат боюнча, "Дизель комплект" ЖЧКсы БелАЗ (Белоруссия авто заводу) самосвалдарынын тетиктерин сатып иштейт.

5. Ал эми компаниянын өзүнүн сайтындагы маалымат боюнча алар "БелАЗ", "МАЗ", "Силовые агрегаты — Группа ГАЗ" жана башка компаниялардын расмий дилери болуп саналат. Ал эми БелАЗдын сайтында бул компания алардын Өзбекстан, Замьия, Түштүк Африка республикасы менен Намибия мамлекеттериндеги расмий дилери деп жазылган.

Ход предвыборной кампании 2015 - Sputnik Кыргызстан
КСДП Илмияновдун кармалышы тууралуу: ал эч кимден качкан эмес
Белгилей кетсек, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту Илмияновду кармоо боюнча сыртынан өкүм чыгарылган. Ал эми 20-октябрда ал Россиядан кармалып, Бишкекке алып келингени маалым болгон.  Ошол эле күнү райондук сот анын баш коргоо чарасын карап, 28-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайында камакта калтырган. Жактоочусу Сергей Слесаревдин билдиришинче ал Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси "Алдамчылык" боюнча айыпталууда.

Икрамжан Илмиянов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев оппозицияда жүргөндө айдоочусу, кийин ал президент болгондо 2012-жылдан 2015-жылга чейин президент аппаратынын жетекчисинин орун басарлыгын аркалаган. Андан соң президенттин кеңешчиси болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0