00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
От Олимпиады до Игр кочевников: каким будет спортивный год Кыргызстана
08:05
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Калктын экономикалык, финансылык сабаттуулугун көтөрүү керек — кадр маселеси качан чечилет?
09:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
10:04
27 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
10:32
26 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкө боюнча 820 жергиликтүү кеңеш өкүлү окутулду — депутаттар эмнени үйрөнүштү?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге шарт түзгөн медициналык окуу жай
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
13:05
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстанда төрөттөн каза болгон аялдардын саны жана себеби. Статистика

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональный центр охраны материнства и детства
Национальный центр охраны материнства и детства - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жылына 40тан ашык аял төрөттөн көз жумат. Көпчүлүгү төрөт учурунда кан кетип же сепсистен каза табат.

Буга чейин Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Жогорку Кеңештин жыйынында төрөттөн каза болгон энелердин саны былтыркы деңгээлде экенин айтып, жыл башынан бери 31 келин көз жумганын билдирген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги акыркы 10 жылда өлкөдө төрөттөн каза болгон энелердин санын жана себебин билип көрдү.

Статистика

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 2008-жылдан 2017-жылга чейин өлкөдө жалпы жонунан 702 кош бойлуу аял каза болгон. 2015-жылы мурдагы жылдарга салыштырмалуу энелердин өлүмү 100000 тирүү төрөгөндөргө карата 3805ти түзгөн. Бирок 2016-жылдан тартып бул сан өйдө-төмөн болуп отуруп, 2017-жылы кайра 0,9 пайызга көбөйгөн. 2009-жылы Кыргызстан боюнча төрөттөн 109 аял каза таап, акыркы он жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүчкө жеткен. Бул сан былтыр 2017-жылы 47ге азайган.

Төрөттөн кайсы облустарда аялдар көп көз жумган

Эне жана баланы коргоо борборунундагы ымыркай - Sputnik Кыргызстан
Шакшак коюлган наристе, томуктун өсүшүн күткөн ата-эне. Ортопед илдет тууралуу
Акыркы он жыл ичинде (быйылкы жылды кошпогондо) Ош облусунда 168 аял төрөттөн каза болсо, Жалал-Абадда 132 аял бул дүйнө менен кош айтышкан. Чүй облусунда 100 аял, Баткен аймагында 78 келин төрөт учурунда көз жумган. Ысык-Көлдө ымыркайын жарык дүйнөгө алып келем деп 68 эне жан берген. Бишкек шаарында бул сан 54тү түзөт. Нарын облусунда 46 келин, Ош шаарында 33 аял төрөттөн каза болсо, алыскы Баткенде башкаларга салыштырмалуу мындай аянычтуу окуялар аз катталат. Ал жакта акыркы 10 жылда 21 аял каза болгон.

Кандай себептерден улам аялдар төрөт учурунда көз жумат?

Дарыгерлердин билдирмесине караганда, төрөт учурунда аялдардын көбү кансырап каза болот. Бирок 2016-жылдан тартып бул көрсөткүч акырындык менен кыскара баштаган (18,8 % - 14,6%).

Кансырап каза болгондор Бишкек шаарында 66,7 пайызды түзүп, эң жогорку көрсөткүчкө жеткен. Андан кийинки орунда Ош шаары (50 пайыз) турат. Энелердин өлүмүнүн себептеринин бири — төрөт учурунда кан басымдын көтөрүлүп кетүүсү. Мындай көрүнүш Ысык-Көл облусунда көбүрөөк катталган.

Сепсистин (канга инфекция кирип организмге тарашы) кесепетинен да төрөттөн каза болгон аялдар көп. Мындай оору боюнча Ысык-Көл облусу 50 пайыз көрсөткүч менен алдыда турат.

Төрөт учурунда эне өлүмүнүн негизги себептери:

Детская соска на национальной валюте. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Эки айдан бери балама "сүйүнчү" ала албай жүрөм. Айтылбай турган сөз эле...
Экстрагениталдык оорулар — 39,6 пайыз, сепсис — 22,9 пайыз, кансыроо — 14,9 пайыз, гипертензия (кан басымдын жогорулашы) — 10,4 пайыз, жатындын айрылышы — 4,2 пайызды түзгөн. Бул 2008-жылдан 2017-жылга чейинки көрсөткүч болсо, 2018-жылдын 9 айында энелердин өлүмүнө көбүрөөк преэклампсия жана эклампсия себеп болгон. Мындай оору менен быйыл тогуз учур катталган. Андан кийинки тепкичте сепсис, экстрагениталдык оорулар жана башка себептер (анафилактикалык шок, өпкө артериясынын тромбоэмболиясы, түйүлдүк айланасындагы суулардын эмболиясы) турат. Кансыроодон быйыл жети аял көз жумса, үй шартындагы төрөттөн 1 аял каза болгон. Себеби аныкталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0