БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев Россиядан кайтып келди. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Facebook баракчасына жазды.
"КСДПнын делегациясы толук курамда мекенге кайтып келди! Эми тынч уктасаңар болот. Ошентсе да айрымдарынан уйку да качты көрүнөт. Кээ бирөөлөр оюндагысы чыныгы турмушта да болсо экен деп аракет кылышты", — деп жазды Жолдубаева.
Белгилей кетсек, Атамбаев Россияга 22-октябрда учуп кеткен. Ал Москва шаарында боло турчу Азиядагы саясий партиялардын эл аралык конференциясынын Х башкы ассамблеясына катышты.
Атамбаев учкан учакта мурдагы мэр Нариман Түлеев дагы болуп, ал экс-президент менен түшкөн селфисин Facebook баракчасына жарыялаган. Бул өз кезегинде интернет колдонуучуларынын арасында бир кыйла түрдүү пикирди жараткан.