БИШКЕК, 28-окт. —Sputnik. Алматы — Бишкек жолунун 23-чакырымында маршрутка менен автобус кагышканын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Жол кырсыктын видеосу Instagram баракчасына жарыяланды.
Кырсык түштө болуп, негизинен эркек кишилер жабыркаган. Жол кырсыктын айынан Каскелең аймагына кире бериште ири жол тыгыны пайда болгон. Бир нече сааттан кийин тыгынжолго салынып, жол ачылган.
Облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, ооруканага 21 киши кайрылган. Алты киши ооруканага жаткырылып, бир киши кайра жандандыруу бөлүмүндө.
Полициянын маалыматына ылайык, жүргүнчүлөрдүн бири да оор жаракат алган эмес. Маршруткадагы кишилер ооруканага жеткирилген. Жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын бар жогу азырынча белгисиз.
Аталган окуя боюнча Казакстандын Кылмыш жаза кодексинин жол эрежесин бузуу беренеси боюнча кылмыш иши козголду.