БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Ош шаарынын Салиева кѳчѳсүнүн тургуну, 13 жаштагы Аяна Кочкорбаева изделип жатат. Бул туурасында Ош шаардык милициясынан кабарлашты.
"Кочкорбаева 2018-жылы 25-октябрь күнү саат 12:00дөр чамасында Ош шаарынын Райымбеков кѳчѳсүндѳ жайгашкан №7 Нариман орто мектебинен чыгып кеткен бойдон дайынсыз", — деп айтылат маалыматта.
Белгилери: боюнун узундугу 150-155 см., дене түзүлүшү орто, кара тору, кара каш, чачы узун, кара түстѳ.
Кийген кийимдери: үстүндѳ агыш түстѳгү хиджаб, кызгылтым түстѳгү жилет, ак түстѳгү кофта, боз түстѳгү юбка, бутунда кызгылтым түстѳгү кроссовка.
Милиция эгерде кыз боюнча кандайдыр бир кабар болсо Ош ШИИБине (03222) 6-55-10, 8-55-11, 0772-41-41-70, 0705-25-52-77 телефондору аркылуу кабар берип коюуну өтүнөт.