БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Борбор калаада даун синдрому менен жабыркаган балдар катышкан мода көргөзмөсү уюштурулат. Бул тууралуу "Сантерра" ата-энелер фондунан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, күн балдарынын өзгөчө иш-чарасы 20-октябрь күнү Hyatt Regency Bishkek мейманканасында болмокчу.
"Подиумга даун синдрому менен жабыркаган чоңдор жана балдар чыгат. Максаты — синдром оору эмес экенин көрсөтүү", — деди уюштуруучулар.
Мода көргөзмөсү саат 16:00дө башталмакчы.