ТИМ Абдылдаевдин тушунда кимдерге тиш кайрады. Чуулуу окуялар топтому

© REUTERS Eduardo MunozВыступление МИД Кыргызстана Эрлана Абдылдаева на 71-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН
Выступление МИД Кыргызстана Эрлана Абдылдаева на 71-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азимжан Аскаровго АКШнын Мамлекеттик департаментинин сыйлык бериши, Кадыржан Батыровдун ЕККУ трибунасынан сүйлөшү жана коңшу Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрү менен болгон чыр... Кыргызстандын намысына доо кеткен учурларда Тышкы иштер министрлиги кандай кадамдарга барган?

Эрлан Абдылдаевдин министр кезиндеги акыркы жыйыны - Sputnik Кыргызстан
Фотофакт: Эрлан Абдылдаевдин министр кезиндеги акыркы жыйыны
Эрлан Абдылдаев 2012-жылы күздө Жантөрө Сатыбалдиев башында турган өкмөттүн курамы менен Тышкы иштер министрлигине башчы болуп дайындалган. Андан бери Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков, Сапар Исаков жана Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттү башкарып, алты премьер-министр менен иштешти. Муну менен ал ордунда эң көп отурган министр катары элдин эсинде калды. Акыры бүгүн, 12-октябрда өз ыктыяры менен арыз жазып кызматын тапшырды

Sputnik Кыргызстан агенттиги Эрлан Абдылдаевдин тушундагы Тышкы иштер министрлигинин жасаган иштерине сарасеп салып, чуулгандуу окуяларга карата жасаган иш аракеттерин тизмектеди.

Эл аралык уюмдарга тиш кайраганда

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүӨмүр бою эркинен ажыратылып, издөөгө алынган Кадыржан Батыров
Лидер узбекской общины Джалал-Абада Калимджан Батыров - Sputnik Кыргызстан
Өмүр бою эркинен ажыратылып, издөөгө алынган Кадыржан Батыров
Тышкы иштер министрилиги улут аралык араздашууну козутуп, Ош коогалаңын уюштурууга катыштыгы бар деп өмүр бою эркинен ажыратылып, издөөгө алынган Кадыржан Батыровдун Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунда (ЕККУ) сүйлөгөнүнө нааразы болуп бир нече билдирүүлөрдү жасаган. Эрлан Абдылдаев ЕККУнун башкы катчысы Ламберто Занньер менен жолугуп Батыровго трибунадан сүйлөөгө аянтча бергенине кабатырланган. Ошондой эле ал БУУнун Башкы ассамблеясынын 71-жыйынында сүйлөп жатып ЕККУ Батыровдон кийин "Ислам мамлекети" террордук уюмунун өкүлдөрүнө да сөз бериши ажеп эмес деп сынга алган. Мындан сырткары, ага качкын макамы берилгенине Кыргызстан кабатыр болуп жатканы туурасында маалымат тараткан

Азимжан Аскаровдун сыйлык алышы

© Sputnik / Табылды КадырбековӨмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров
Суд над Азимжаном Аскаровым - Sputnik Кыргызстан
Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров
Тышкы иштер министрлиги Азимжан Аскаровдун АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан "Адам укугунун коргоочусу" сыйлыгы менен сыйланышын Кыргызстан таң калуу менен кабыл алганын жана мындай нерсе "улуттар аралык кагылышка алып келет" деп сыпаттап билдирүү тараткан

Неопубликованные фотографии президента КР Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев, Ибраимов, Казакбаев. Кыргызстандагы көп балалуу 10 саясатчы
Мамдепартаменттин адам укуктары боюнча докладында Кыргызстанда "мыйзамсыз камакка алуу", "бийлик менен макул болбогондорду четтетүү", "Азимжан Аскаровдун укугун бузуу", "кызмат адамдарын жазалабоо", "бейөкмөт уюмдарга басым жасоо" өкүм сүрөрү айтылган. ТИМ муну дароо эле четке кагып, АКШ өзүндөгү кырдаалдарга баш оорутушу керектигин белгилеп, буга саясий шантаж катары баа берген

Өзбекстан менен болгон кырдаал

© SputnikӨзбекстан менен болгон кырдаал
Ситуация на границе Кыргызстана с Узбекистаном в местности Могол Ала-Букинского района Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан менен болгон кырдаал
2016-жылдын март айында өзбек чек арачылары Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы "Чаласарт" такталбаган аймагын жаап, аскер техникаларын жайгаштырган. Мындан сырткары, "Маданият" көзөмөл өткөрүү жайын да тосуп салган. Аталган жолдон өткөн кыргызстандыктардан паспорт талап кылынган. Жооп иретинде Кыргызстан да эки БТР менен 40ка чукул аскерин койгон. Ошол эле күнү Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Кыргызстандагы элчисине чек араны ачуу талабы менен каршылык нотасын тапшырган

Ушул эле жылдын 24-августунда Өзбекстандын жети милиционери тик учак менен келип Үңкүр-Тоодогу телемунарада иштеген төрт кыргызстандык адисти кармап кеткен да, ал жерди ээлеп алышкан. Мындан улам Абдылдаев ЕККУга мүчө мамлекеттердин ТИМ башчыларынын бейрасмий жолугушуусунда кармалган жарандарды тез арада бошотулушун Өзбекстандан талап кылган

Казакстанга жөнөтүлгөн ноталар

© Фото / пресс-служба правительства КазахстанаКазакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы
Министр культуры и спорта Казахстана Арыстанбек Мухамедиулы - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы
Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы 2016-жылдын май айында кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча айтып жатып, чет жакта ажаткана жууп жүргөн кыргызстандыктарды көргөндө боору ооруй тургандыгын сөз кылган. Муну кыргыз коомчулугу мазактоо катары кабыл алып терс маанайдагы талкууну жараткан. Мындан улам расмий Бишкек казак тарапка нааразычылык нотасын тапшырган. Андан көп өтпөй казак министри кыргыз элинен кечирим сураган

Статуя Каина в саду Тюильри, Париж - Sputnik Кыргызстан
Ызы-чуу менен ээрден шыпырылгандар. Ким кантип кызматтан алынды
Кыргызстандын президентин шайлоого үгүт иштери жүрүп жатканда Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен жолуккан. Муну КР ТИМи өлкөнүн ички саясатына кийлигишүү катары баалап, казак тарапка нааразычылык нотасын тапшырган

Ал эми өткөн жылы Казакстан чек араны бир тараптуу жапканда "коңшу өлкө чек арадагы кырдаалды дайыма ар башкача түшүндүрөт" деп сынга алган. Мындан сырткары, кыргыз тарапка тагылган айыптоолорго заматта жооп кайтарып турган. Ошол эле учурда Казакстандын аймагындагы кыргыз жарандарынан кабар алып, тыгыз байланышууга өткөн

Данияр Үсөнов атын өзгөрткөндө

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүИздөөдө жүргөн Данияр Үсөнов
Рабочий визит премьер-министра РФ В.Путина на Украину. 20 ноября - Sputnik Кыргызстан
Издөөдө жүргөн Данияр Үсөнов
Үстүбүздөгү жылдын июль айында ЖМКларга Даниил Урицкий деген ысым менен Данияр Үсөнов Белоруссиянын бийлик өкүлдөрү менен чогуу жүргөнү боюнча маалыматтар тараган. Мындан улам ТИМ сыртынан кесилип, издөөдө жүргөн Данияр Үсөнов боюнча Белоруссияга нааразылык нотасын тапшырган. ТИМ расмий Минск КР аймагында соттолгон аткаминерлерди калкалап, колдоп жаткандыгына өкүнүүсүн билдирген

Жаңылыктар түрмөгү
0