Атамбаев, Ибраимов, Казакбаев. Кыргызстандагы көп балалуу 10 саясатчы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевНеопубликованные фотографии президента КР Алмазбека Атамбаева
Неопубликованные фотографии президента КР Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гимнди жаңылып ырдап алып бир күндө "жылдыз" болгон депутат Пархат Түлендыбаев тууралуу кызыктуу фактыларды чогултуп жатып анын 12 баласы бар экени маалым болду. Эл өкүлү тууралуу кызыктар интернетке жарыяланган соң айрымдары анын "баатыр ата" экенине таң калса, кээ бири суктанып, айтор, ар кандай пикирлер жазылды.

Торжественная церемония официального вступления Сооронбая Жээнбекова в должность президента КР - Sputnik Кыргызстан
Катын албай, кайын ал! Кыргызстандагы таасирдүү саясатчылардын күйөө балдары
Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги көп балалуу саясатчыларды тизмектеп көрдү. Өмүр таржымалдарына саресеп салсак, көпчүлүгүнүн экиден бешке чейин чүрпөсү бар экен. Алты балалуулар саналуу болсо, бир-эки саясатчы гана жетиден ашык баланын атасы болуп чыкты.

1. Көп балалуу саясатчылардын сап башына "гимнди билбей калган" Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Түлендыбаев илинди. Ал 58 жашта. Эл өкүлүнүн жети кыз, беш эркеги бар. Улуусу 30 жашта болсо, кичүүсү жети жашка чыккан. Түлендыбаев жакын арада экинчи кызын турмушка узатуу алдында турат.

2. Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты 43 жаштагы Жамалбек Ырсалиевдин 11 баласы бар. Улуу баласы 25 жашта, Москва шаарында иштейт, кичүүсү жакында үч жашка толот.

3. 60 жаштагы мурдагы акыйкатчы жана Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Турсунбай Бакир уулунун сегиз баласы бар. Алардын төртөө эркек болсо, төртөө кыз. Бакир уулу балдары, үй-бүлөсүнүн сүрөттөрүн социалдык тармакка байма-бай жүктөп турат. Ушул жылдын май айында ал коомчулукка эркек балалуу болгонун айтып сүйүнчүлөгөн. Эске салсак, 2012-жылы улуу баласы Баткен облустук прокуратурасынын кызматкери Каныбек Бакировго Ош облустук прокуратурасы 305-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланды) боюнча кылмыш ишин козгогон.

4. Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев дагы көп балалуу аталардын катарында. Экс-президент учурда 62 жашта. Учурдагы жубайы Раиса Атамбаевага 1988-жылы үйлөнгөн. Экөө Кадыр аттуу уулдуу жана Алия аттуу кыздуу болушкан. Кадыр орто мектепти Бишкек шаарынан аяктап, жогорку билимди Түркиядан алган. Ошондой эле аскердик кызматты былтыр кыргыз армиясынын катарында өтөгөнү айтылат. Кызы Алия — сүрөтчү. 2016-жылы турмушка чыгып, 2017-жылдын март айында уулдуу болгон. Экс-президенттин биринчи никесинен Сейитбек, Сейтек аттуу балдары жана Диана, Динара аттуу эгиз кыздары бар. Коомчулукка анын кудаларынын бири милициянын мурдагы кызматкери, экс-депутат Алымбай Султанов экени белгилүү. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАтамбаевдин Сейитбек, Сейтек, Кадыр аттуу балдары жана Диана, Динара, Алия деген кыздары бар
Неопубликованные фотографии президента КР Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин Сейитбек, Сейтек, Кадыр аттуу балдары жана Диана, Динара, Алия деген кыздары бар

5. Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын өкүлү Абдывахап Нурбаевдин да алты баласы бар. Эл өкүлү 48 жашта. Мугалим болуп иштеп жүргөн 24 жаштагы улуу кызын депутат быйыл эле турмушка узаткан. Экинчи уулу жакында жогорку окуу жайды аяктаса, үчүнчү баласы чет мамлекетте билим алат. Андан кийинки эки уулу мектеп курагында. Көкүрөк күчүк кызы эки жашта. Жубайы кесиби боюнча бухгалтер, бирок учурда балдарын карап үйдө. 

© Фото / Усен АкунЖогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин да алты баласы бар. Эл өкүлү 48 жашта. Мугалим болуп иштеп жүргөн 24 жаштагы улуу кызын депутат быйыл эле турмушка узаткан
Депутат Абдывахап Нурбаев  - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин да алты баласы бар. Эл өкүлү 48 жашта. Мугалим болуп иштеп жүргөн 24 жаштагы улуу кызын депутат быйыл эле турмушка узаткан

6. 63 жашты таяп калган ишкер, мурдагы депутат Аскар Салымбеков дагы алты баланын атасы. "Дордой" ассоциациясынын негиздөөчүсүнүн улуу баласы Улугбек Салымбеков "2006-жылдын мыкты ишкери" деген наамга ээ болгон. Ал Бишкектеги, "Дордой Плаза", "Космопарк" соода борборлорун негиздеп, "Синематика" фирмасын ачкан. 

Экинчи баласы Кубат Салымбеков жакында эле үйлөнгөн. Калган балдары мектеп жашында.

7. Президент Сооронбай Жээнбековдун иниси, депутат Асылбек Жээнбековдун алты баласы бар. Эл өкүлү 55 жашта. Айрым маалымат булактарынын билдирүүсүндө, кызы жергиликтүү ЖОЖдордун биринде окуйт. Ал эми улуу баласы Каржы-экономикалык техникумун аяктап, учурда Кыргыз-орус славян университетинде билимин жогорулатып жаткан кези. Калган балдары азыр орто мектепте билим алышат.

8. Грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери, Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Эгембердиев 48 жашында алты уулдун атасы болгон. Балдарынын баары спорт менен алектенип, күрөшкө катышат. Эл өкүлүнүн жубайы үй кожойкеси. Балдарынын улуусу 26 жашта, юридикалык академияны аяктаган. Калган эки баласы да учурда ошол ЖОЖдо билим алат. 19 жаштагы уулу Жалал-Абад университетинин экономикалык факультетинде окуса, үч уулу учурда мектеп курагында. 

© Фото / из личного архива Максатбека ЭгембердиеваЖогорку Кеңештин депутаты Максатбек Эгембердиев 48 жашында алты уулдун атасы болгон. Балдарынын баары спорт менен алектенип, күрөшкө катышат
Депутат ЖК Максатбек Эгембердиев  - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Эгембердиев 48 жашында алты уулдун атасы болгон. Балдарынын баары спорт менен алектенип, күрөшкө катышат

9. Республика — Ата-Журт фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев 51 жашта. Эки кыз, төрт уулу бар. Эл өкүлүнүн балдары тууралуу кененирээк маалымат ала алган жокпуз. Анын буга чейинки жергиликтүү гезиттерге берген маегинде жубайы менен студент кезинде таанышканын, учурда алты баланы тарбиялап жатышканын айткан.

10. Мурдагы мэр Албек Ибраимов дагы алты баланын атасы. Алар тууралуу ЖМКларда көп деле маалымат жазылбайт. Бирок социалдык тармактар аркылуу экс-мэрдин эки кызы жана бир уулу Silk Road жеке мектебинде билим алары белгилүү болду. Эң кичүү кызы төрт жашта.

P.S. Тизме узарышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0