00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Актуальное интервью
Посол Ирана - об агрессии, реакции мира и последствиях ударов по стране
08:04
17 мин
Будь в курсе
Как формируется цена на молоко и почему она зависит от сезона
08:26
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБге экспорт көбөйөт — онлайн соодагерлер үчүн эсеп-фактуранын жаңы формасы ишке кирди
09:05
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Саламаттыкты сактоо министрлиги перинаталдык кызматты реформалоону даярдап жатат: 2030-жылга чейин эмне өзгөрөт
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Деңиз кодекси: деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөгө эмне үчүн керек?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргыз ТИМи кылмышкер Батыровго качкын макамы берилгенине кабатыр болуп жатат

© AP Photo / Sergei Grits2010-жылдагы июнь окуяларында улут аралык жаңжалдын уюштуруучуларынын бири экени аныкталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыровдун архивдик сүрөтү
2010-жылдагы июнь окуяларында улут аралык жаңжалдын уюштуруучуларынын бири экени аныкталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2010-жылдагы июнь окуяларында улут аралык жаңжалдын уюштуруучуларынын бири экени аныкталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Батыровдун ЕККУда сүйлөгөн сөзү боюнча талкуу азыр да токтой элек.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кыргызстан кылмышкер Батыровго качкын макамы берилгенине кабатыр болуп жатат. Бул туурасында ТИМдин жетекчисинин орун басары Динара Кемелова БУУнун качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбор Азия боюнча аймактык координатору Ясуко Ода менен жолукканда айтты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Эске сала кетсек, улут аралык араздашууну козутуп, 2010-жылкы Ош коогалаңын уюштурууга катыштыгы бар деп өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыров Варшава шаарында 20-сентябрда ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунда сөз сүйлөгөн. Анда Конституциянын өзгөрүшүнө каршы экенин, анын өлкөдөн чыгып кетиши тууралуу жаңы кылмыш ишинин козголушуна жана учурда абакта отурган Азимжан Аскаровго чыккан соттун чечимине нааразычылыгын билдирген. 

ЕККУнун автоунаадагы логотиби - Sputnik Кыргызстан
ТИМ ЕККУнун өлкөдөгү макамын өзгөртүү тууралуу нота жибергенин тастыктады
Кыргызстандын ЕККУдагы өкүлдөрү аталган жыйында жана ТИМ башчысы БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында Батыровго эл аралык трибунадан саясий өңүттө билдирүү жасоого мүмкүнчүлүк берилгенине нааразычылыгын билдирген. Андан сырткары ЕККУнун Бишкектеги макамын өзгөртүү боюнча чечим кабыл алган.

Жолугушууда Кемелова Кыргызстан БУУнун качкындар боюнча кабыл алынган 1951-жылкы Конвенциясын жана 1967-жылдагы качкындардын макамы боюнча протоколдун алкагында эл аралык мыйзамдарды сактаарын жана карманаарын айтты.

"Кыргызстан тарап эл аралык деңгээлдеги кылмышкерлерге, алардын ичинен Кадыржан Батыровго бир катар мамлекеттер – 1951-жылдагы Конвенциянын катышуучулары тарабынан саясий качкын макамынын берилишине кабатыр болуп жаткандыгын билдирет",— деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун соңунда тараптар келерки жылдагы кызматташуунун келечегин аныктоо максатында иштешүүнү уланта тургандыгын макулдашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0