07:47 28 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7747
  • EUR95.3546
  • RUB1.1215
Азия
Кыскача шилтеме алуу
Өзбекстан КР менен болгон чек арасына БТРлерди жайгаштырды (54)
70212

Кыргыз тарап Өзбекстандын элчисине каршылык нотасын тапшырып, аталган жолдогу блок постторду алуу зарылдыгын белгиледи.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын элчиси Камил Рошидовго Жалал-Абаддагы Кербен — Ала-Бука жолунун жабылышына байланыштуу каршылык нотасын тапшырды. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн өзбек тарап Кыргызстан менен болгон чек арасына зооттолгон эки транспортту жана КамАЗ үлгүсүндөгү эки автоунааны айдап келгендигин КР Мамлекеттик чек ара кызматы билдирген. 18-мартта Өзбекстан тарап бир жактуу негизде "Маданият" көзөмөл өткөрүү пунктун жапкан. 

Ал эми Sputnik Өзбекстан агенттигинин абал менен тааныш болгон булагы Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук уюмуна кирген кыргызстандыктар массалык түрдө мекенине кайтып келип жаткандыктан, экстремисттердин Өзбекстанга кирип кетишинен кооптонгон бийлик чек араларды бекемдөө максатында чек араны жапканын түшүндүргөн. 

Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Данияр Сыдыков нота тапшырып жатып, аталган жолдогу блок постторду алууну талап кылды.

Мындан тышкары, өзбек тараптын мындай аракети Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасына жакын жашаган аймактагы элдин ортосунда курч кырдаалды пайда кылышы мүмкүн экени айтылды. 

Жолугушуу соңунда Сыдыков өзбек бийлиги саясий эрктүүлүгүн көрсөтүп, эл аралык укук ченемдерин жана эки элдин ортосундагы достук мамилени сактай турганына ишеним артты. 

Тема:
Өзбекстан КР менен болгон чек арасына БТРлерди жайгаштырды (54)

Тема боюнча

Жергиликтүү бийлик жана жашоочулар өзбек чек арачылардын аракеттери жөнүндө айтып беришти
Чек ара кызматы: КР жарандарына Сохтун аймагына кирбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө
Сариев чек ара коопсуздугу боюнча жыйын өткөрдү
Белгилер:
Кыргызстан, Өзбекстан, нота, суроо-талап

ЭҢ МААНИЛҮҮ