00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
Как защитить себя от недобросовестных строителей? Советы юриста
14:08
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как защитить себя от недобросовестных строителей? Советы юриста
20:06
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ТИМ башчысы Абдылдаев Өзбекстандан кыргыз жарандарын бошотууну талап кылды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүТышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев. Архив
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ТИМ жетекчиси Германиянын Потсдам шаарында өткөн ЕККУнун ТИМ башчыларынын бейрасмий жолугушуусуна катышты.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Өзбекстандан кармап кеткен кыргыз жарандарын бошотууну талап кылды. Бул тууралуу ал Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмуна (ЕККУ) мүчө мамлекеттердин ТИМ башчыларынын бейрасмий жолугушуусунда айтканын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Германиянын Потсдам шаарында өткөн жолугушууда терроризм, экстремизм жана радикализмге каршы күрөшүү аракеттери талкууланып, коопсуздук чаралары ортого салынган.

Аксыдагы Үңкүр-Тоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аксыдагы Үңкүр-Тоого Өзбекстандын эки тик учагы конду
Абдылдаев кыргыз-өзбек чек арасынын талаштуу аймагында өзбек аскеринин турушу жана алар тарабынан кыргыз жарандарынын кармалып кетиши тууралуу маалымат берди. 

ТИМ башчысы Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара боюнча пикир келишпестиктердин алдын алуудагы жетишилген макулдашууну сактоого чакырып, кармалган жарандардын тез арада бошотулушун талап кылды.

Эскерте кетсек, талаштуу аймактагы Үңкүр-Тоого Өзбекстандын жети милиция кызматкери тик учак менен конгон. Мындай кадамды түшүндүрүү талабына өзбекстандыктар буга чейин кыргыз чек арачылар тарабынан кармалган өзбек милиционерин бошотуу жана Орто-Токой суу сактагычынын айланасындагы милиция постторун алуу талабын коюшкан. Сүйлөшүүлөрдөн соң аталган кызматкер бошотулган. 24-август күнү коңшу өлкөнүн чек арачылары Үңкүр-Тоодо орнотулган телемунарада иштеген төрт кыргызстандык адисти кармап кетип, аларды Яңги-Курган райондук милициясына алып барган.

Бүгүн эртең менен Өзбекстандын дагы эки тик учагы келип, Үңкүр-Тоодо турган милиционерлерге суу, керектелчү буюмдарын таштап кеткени маалымдалды.

Кыргыз-өзбек чек арасынын талаш аймагындагы Үңкүр-Тоодогу абал тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0