Жаркынбаева тагдырдын сыноосуна моюн бербей "басам" деген үмүт менен жашап, өзүнө окшогон майып кыздарга колдоо көрсөтүп келет.
Ал быйыл коляскада отурган кыздардын катышуусунда "Биз барбыз" жана "Кыргызстанда гүлдөгөндөр" фотодолбоорун ишке ашырды. Долбоордо катышуучулар улам алмашып, сүрөттөр жаңыланып турат.
— Өзүңүз тууралуу кыскача кеп кылсаңыз…
— 40 жаштамын. Борбордо чоңойдум. Атам Чүйдөн болсо, апам Нарындын кызы. Балалыгым эң сонун өттү. Кичинемде периште болууну самап бардык адамга жардам бергим келчү. Мектепти бүткөндө Улуттук университеттин журналистикасына тапшырып, бирок бүтүрө албай калдым.
— Эмне үчүн?
— Мектепти бүткөндө эле турмушка чыгып, бир жылдан кийин кыздуу болдум. 20 жашымда жолдошум менен эки жолго түшкөнбүз. Окууга тапшырып алгандан кийин иштеп баламды багыш керек болду же билим алып ата-энемдин мойнунда отурганга туура келмек. Мен иштейин дедим.
— Үч жыл мурда кырсыкка кабылып, эки бутуңуз баспай коляскада отуруп калыптырсыз…
Ошондон бери баспайм. Төштөн ылдый жан жок, тиштесенер да, ийне сайсаңар да сезбейм. Бишкекке келгенде омурткама конструкция койдуруп, биринчи топтогу майыптыкты алдым. Бирок өзүмдү мунун баары убактылуу деп жооткотуп келем. Маалы менен чет мамлекетке чыгып дарыланам.
— Жол кырсыгы кандайча болгону эсиңиздеби?
— Мен негизи жолдон уктабайм. Күзгүнү карасам айдоочунун көзү сүзүлүп баратат. Мен ага "эмне сиз уктап баратасызбы?" десем, сарсанаа болбошумду айтып жолун улаган. Андан ары эмне болгонун билбейм. Көзүмдү ачсам ооруканада экенмин. Кийин биздин унаа автобус менен кагышканын айтышты.
— Кырсыкка айдоочунун уйкуга алдырып койгону себеп деп айта алабызбы?
— Чындыгында эмне болгонун эч ким билбейт. Автобус менен бетме-бет кагышыптыр. Ошол эле учурда кимиси биринчи алдыдан чыкканы белгисиз. Өзүм жаным менен алышып жатканда аны териштирүүгө деле дарман болгон жок.
— Жакшынакай эле басып жүрүп майып болуп калуу жан дүйнөңүзгө абдан катуу тийсе керек. Өзүңүзгө келүү үчүн да бир топ убакыт жумшагандырсыз. Стресс, депрессиядан кантип чыктыңыз?
— Кудайга ыраазымын. Оор күндөрдө апам, кызым, жакын туугандарым, досторум колдоосун аяган жок. Абалымды көрүп жүз буруп кеткен адамды көргөн жокмун. Чынында оорулуу адамга колдоо эле керек.
— Алматыда эмне иш кылчу элеңиз?
— Жеке компанияда сатуу иштери боюнча менеджер болчумун. Жакшы эле каражат тапчубуз. Ачка топтоп Бишкектен үй алайын деп жүргөм.
— Анан үй ала алдыңызбы?
— Жок. 2014-жылы кызым экөөбүз үй алалы деп бир курулуш компанияга акчабызды бергенбиз. Алгачкы төлөмүнө 8 миң доллар төгүп, анан ай сайын 600 доллардан берип турганбыз. Аз калганда же үйдөн же акчадан жок, орто жолдо калдык. Компания акчабызды кайтарып берсе өзүбүзгө ылайыктуу үйдү куруп деле алат элек.
— Курулуш компаниянын ээлерине карата доомат койдуңуздарбы?
— Арыз жазып артынан жүргөнүбүзгө көп болду. Укканыма караганда компаниянын ээси абакта экен. Аялы болсо биздин батирди башка бирөөгө сатып жиберген, бирок акчадан дайын жок. Эч эле көздөгөнүбүзгө жетпей койдук. Аягына чейин чыгабыз деп ишенем. Азыр апам, кызым менен инимдин үйүндө жашап жатабыз.
— "Биз барбыз" жана "Кыргызстанда гүлдөгөндөр" аттуу эки долбоор бар. Маалы менен катышуучулар алмашып сүрөттөр жаңыланып турат. Атайын визажист, кесипкөй сүрөтчүлөр иш алып барат. Адистер алардын сулуу экенин көрсөтүп, бактылуу көз ирмемдерин сүрөткө түшүрөт. Ал сүрөттү катышуучулар социалдык тармактарга жүктөп, каалашынча колдонсо болот. Ошентип аны эл да көрөт.
Долбоордун максаты — өлкөдөгү майыптардын жашоосуна элдин көңүлүн буруу. Майыптар үчүн ыңгайлуу жолдордун курулушун, пандустардын коюлушун, биз үчүн коомдук транспорт жана жумуш орундары болушун каалайбыз.
— Мындай саамалыкты ишке ашыруу материалдык жактан деле кыйын болсо керек.
— Кайрымдуу адамдар көп. Мени менен иштешип жаткан адистер шартыма карап бекер жасап беришет.
— Майып кыздар, деги эле коомчулук долбоорду кандай кабыл алды?
— Кыздар фотодолбоорго катышканына аябай сүйүнүп, жомоктогудай сезимдерге туш болушуп, бир канча күн рахмат айтып жүрүштү. Долбоордон кийин бизди телерадиого маекке чакырып башташты.
Cоциалдык тармактардан мындай сүрөттөрүбүздү көрүп, эркек кишилер көп жазышат. Бир кезде аябай көп жазып, таанышкысы келип, бирөө "үйлөнөм" деп чыккан. Мен аларга сүрөттөрүмдүн баарын карап, анан жазышын айтчумун. Андан кийин эле жок болуп кетишет. Дагы бирөөсү "анда коляскада отурган сүрөтүңдү кой" деп жазган. Бирок жан дүйнөсү күчтүү эркектер бар деп ишенем.
— Дагы эмне тууралуу кыялданасыз?
— Баскым келет. Көзүмдү ачсам эле ошону тилейм. Ошондой эле омурткасы сынган адамдар үчүн Ысык-Көлдө реабилитациялык борбор ачсам дейм. Кыргызстанда мындай борбор жок.
Өлкөдө майыптар үчүн бардык шарттар каралса дейм. Мамлекет башчы 2020-жылды "Майыптарга камкордук көрүү жылы" деп жарыяласа жакшы болмок.