Прокуратура Исакунова, Каденова, Мамытова кайсы жакка кантип барганын ачыктады

© Sputnik / Табылды КадырбековЭмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова. Архив
Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылдан бери министр Таалайгүл Исакунова 9, орун басары Зууракан Каденова 10 жолу чет өлкөгө чыккан. Анын ичинде өкмөттүн каршылыгына карабай өзүм билемдик менен кетип калган учурлары да кездешет.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Башкы прокуратура Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова жана орун басарлары мыйзам бузуу менен чет өлкөгө чыгып жүргөнүн аныктады. Бул туурасында Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы кабарлайт.

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевЭмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова
Министр труда и социального развития КР Таалайкул Исакунова - Sputnik Кыргызстан
Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова

Билдирмеге караганда Исакунова дипломаттык паспортту колдонуп, премьер-министрге кабарлабай жана уруксат сурабай өзүм билемдик менен чет жактарга кете берген.

— 2017-жылдын 6-9-ноябрь күндөрү АКШда өткөн "Инновация аркылуу туруктуу ишенимге жетишүү" деп аталган үчүнчү глобалдык симпозиумга катышкан.

— 2017-жылдын 13-15-ноябрь күндөрү Аргентинага барып Балдарды иштетүүгө каршы күрөшү боюнча IV дүйнөлүк конференцияга катышкан.

— Өкмөт каршылык көрсөтүп, уруксат берүүдөн баш тартканына карабай 2017-жылдын 16-18-ноябрь күндөрү Россиянын Санкт-Петербург шаарына кетип калган. Ал жакта КМШ өлкөлөрүнүн калкын социалдык жактан коргоо, миграция жана эмгек боюнча Консультациялык Кеңештин ХХХ мааракелик жыйынына катышкан.

Ал эми Сеулда учакта чуу салып коомго таанылган орун басары Зууракан Каденова дагы диппаспортту жеке өзүнүн керегине пайдаланып жүргөнү белгилүү болду.

© Фото / пресс-служба ЖКЭмгек, социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова
Экс-замминистра труда и социального развития КР Зууракан Каденова - Sputnik Кыргызстан
Эмгек, социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова

Ал 2017-жылдын 24-27-апрелинде диппаспортту колдонуп Ирандын Тегеран шаарына барып келген. Мындан сырткары, эмгек өргүү учурунда окуу программасына катышып, Түштүк Кореянын Сеул шаарында 2-сентябрдан 22сине чейин жүргөн.

Мындан сырткары, прокуратура министрликтин жетекчилери 2017-жылдан ушул жылдын сентябрына чейин 26 жолу чет өлкөгө иш сапарга чыкканын ачыктады. Алар төмөндөгүчө:

— Министр Таалайгүл Исакунова тогуз жолу чет мамлекетке барган. Улуу Британия, Кытай, Россияга 2 жолудан барып, АКШ, Швейцария, Сауд Аравиясы, Литва мамлекеттеринде болгон.

— Министрдин орун басары Лунара Мамытова АКШ, Германия жана Италия мамлекеттерине барган.

— Министрдин орун басары Жылдыз Полотова Литвага эки жолу, Венгрия жана Таиландга барып келген.

— Министрдин орун басары Зууракан Каденова 10 жолу чет өлкөгө чыккан. Түштүк Корея менен Россияга үч жолудан, Казакстанга эки ирет, Польша, Бельгия, Италия өлкөлөрүнө барган.

ЖК депутаты Лунара Мамытова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Лунара Мамытова командировкага мыйзамсыз чыкканбы? Министрликтин жообу
Ошол эле учурда алар Тышкы иштер министрлигине иш сапар тууралуу кабарлабай жана анын жыйынтыгы боюнча отчет бербеген фактылар табылганы айтылат.

Ал эми Исакунова менен Мамытова сапардан келгенден кийин диппаспортторун министрликтин Адам ресурстарын башкаруу боюнча бөлүмгө өз убагында тапшырбаганы көрсөтүлдү.

Мындан улам прокуратура аталган бөлүмдүн жетекчисине административдик укук бузуулар боюнча өндүрүштүк иш козгоп, айып пул салган.

Андан тышкары, жогорудагы мыйзам бузууларды жоюу боюнча өкмөткө сунуштама киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0