Арак ичкен эмесмин! Зууракан Каденова учактагы жаңжал боюнча түшүндүрмө берди

© Фото / пресс-служба ЖКЭкс-замминистра труда и социального развития КР Зууракан Каденова
Экс-замминистра труда и социального развития КР Зууракан Каденова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал ошондой эле Air Astana компаниясы аны кара тизмеге киргизбегенин айтты.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Сеулдагы учакта чуу салган министрдин мурдагы орун басары Зууракан Каденова окуя боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына түшүндүрмө берди.

Айтымына караганда, анын 3-4 күндөн бери жүрөгү ооруп учакка отуруу алдында корвалил дарысын жана валерьянканы кола менен ичкен.

"Мени дары куюлган кичинекей бөтөлкө менен бортко чыгарбайт деп адаттагыдан көбүрөөк ичип алгам. Мурда 30 тамчы ичсем, анда 40дан ашык тамчы ичкен элем. Ага чейин да женьшень дарысына кошуп кофе ичип алгам. Учакка киргенде өзүмдү жаман сезе баштадым. Коопсуздук курун тагынганда көңүлүм айнып ажатканага барууну сурандым. Бирок мени чыгарууга макул болушпай желим баштык алып келип беришти", — деди Каденова.

Каденова өзүн жакшы сезип калганын жана учуп кете аларын айткан. Бирок учак кызматкерлери анын билетин алмаштырып кийинки каттам менен жөнөтүүнү чечишкенин билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каденова тууралуу жарыялаган депутат Кореяга өзү эмнеге барганын айтып берди
"Менин өңүм кубарып, муунум титиреп мас адамдай көрүнүптүрмүн. Бирок мен ичкен эмесмин. Негизи эле ичимдик ичпейм. Мен Түштүк Кореяга 20 күндүк окуу программасы боюнча баргам. Өзүм эмгек өргүүсүндө жүргөм, кызматтан бошотулганымды ЖМКлар аркылуу билдим. Менин жүктөрүмдү алып чыгууга 2 саат убакыт кетти. Жүрүгүнчүлөрдү ошон үчүн чыгарган. Кызматтан алынганым тууралуу өкмөткө даттанбайм, өзүмдүн башка пландарым бар", — деди аткаминер.

Ошондой эле ал Air Astana компаниясы аны кара тизмеге киргизбегенин айтты.

Эскерте кетсек, депутат Аида Исмаилова Сеулда жогорку кызматта иштеген кыргызстандык мас аял бир сааттан ашык жаңжал салып, анын айынан Алматыга уча турган учак эки саат кармалып калганын айткан. Кийинчерээк ал эмгек, социалдык өнүгүү министринин орун басары Зуура Каденова экени белгилүү болгон.

Бул окуядан кийин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев аны кызматынан алуу боюнча буйрукка кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0