БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Ишембиде, 6-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Ал эми жекшембиде, 7-октябрда, күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет.
Ал эми 7-октябрда, жекшембиде, Чүй менен Таласта түнкүсүн 4…13 градус жылуу болсо, күндүз 15…20 градуска чейин жогорулайт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түндө 10…15 градус, күндүз 18…23 градус жылуу болот. Ысык-Көл менен Нарын облусунда түндө 3…8 градус болсо, күндүз 13…18 градус жылыйт.
Бишкек шаарында 6-октябрда күндүз 26…28 градус ысык болсо, 7-октябрда абанын температурасы төмөндөп 17…19 градус жылуу болот. Ош шаарында ишемби күнү күндүз 27…29 градуска чейин көтөрүлүп, жекшемби күнү 20…22 градус болот.