БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргыз парламентинин 80 жылдык маарекесин белгилөө боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин маалымат кызматынан билдиришти.
Анын курамына вице-спикер Мирлан Бакиров, депутаттар Төрөбай Зулпукаров (КСДП), Талант Мамытов ("Республика — Ата-Журт"), Каныбек Иманалиев ("Ата Мекен"), Зиядин Жамалдинов ("Өнүгүү — Прогресс"), Акылбек Жапаров ("Бир Бол"), Таалайбек Масабиров ("Кыргызстан") жана ЖКнын аппарат жетекчиси Саматбек Ибраев кирди. Бул боюнча Жогорку Кеӊештин токтому да кабыл алынды.
ЖК төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров кыргыз парламентинин 80 жылдык маарекесин белгилөөгө бюджеттен кошумча каражат талап кылынбай, илимий конференциялар менен гана чектеле турганын баса белгиледи.