Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Кадыр-баркыңызга доо кетсе эмне кылуу керек? Пиар адистен 8 кеңеш

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik агенттигинин коммуникация жана коомчулук менен байланышуу боюнча директору Петр Лидов-Петровский мастер-класс учурунда
Sputnik агенттигинин коммуникация жана коомчулук менен байланышуу боюнча директору Петр Лидов-Петровский мастер-класс учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул кеңештер ири компанияларга, мамлекеттик органдарга жана ар бир кишиге пайдалуу.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Sputnik агенттигинин коммуникация жана коомчулук менен байланышуу боюнча директору Петр Лидов-Петровский мамлекеттик органдардын маалымат катчылары менен коммерциялык уюмдардын PR адистерине кризистик абалда иштөөнүн технологиясы жана мультимедиалык маалымат айыдыңында ЖМК менен иштөө тартибин үйрөттү.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда SputnikPro билим берүү долбоорунун алкагында менеджмент боюнча мастер-класс өтүлүүдө. 

Лидов-Петровский сегиз кеңеш берди:

Sputnik Кыргызстан радиостудиясындагы микрофон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Sputnik агенттиги Кыргызстанда эл аралык билим берүү программасын ишке ашырат
1. Окуяга тез реакция кылуу. Көпкө күтпөш керек. Себеби маалымат, айрыкча социалдык тармактарда, чагылгандай тез тарайт жана мүнөт сайын кызый берет. Эгер элге эмне болуп жаткандыгы тууралуу маалында түшүндүрбөсө, түрдүү окуяларды өзү эле ойлоп таба баштайт.

2. Көйгөйдү жашыруу мүмкүн эмес. Биздин заманда сырдуу нерсе баары бир ачыкталат.

3. Кризистен кийин кырдаалды жөнгө салуу үчүн план түзүш керек. Мисалы, эгер адам бейбаштык кылып милицияга түшүп калса чаң-будуң салбай, тескерисинче өзүн аябай жакшы алып жүрүшү керек.

4. Күтүлбөгөн окуя болуп кетсе туугандарыңызга кабарлап коюуну унутпаңыз. Себеби журналисттер алар аркылуу дагы маалымат алышы мүмкүн. Ошондой эле жумушчуларга дагы алар "сиңире" ала турган көлөмдөгү маалымат берилиши керек.

5. Журналисттерге маалымат бербей койгон болбойт, бирок ЖМК силердин союздашыңар эмес, маалымат таратуучу канал гана экенин унутпагыла.

6. Эгер жабыркагандар же каза болгондор болсо биринчи кезекте адам катары, жүрөгүңөр менен эмне болуп кеткендигин түшүндүрүп бергиле. Колдоо көрсөтүп же аза кайгысын тең бөлүшкүлө.

7. Кризистик абал мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Эгер трагедия эмес болсо, анда окуяны өз пайдаңызга буруп кетсеңиз болот. Себеби бүт элдин назары сизде.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Нургүл Максутова мастер-класс учурунда - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан студенттерге жаңылык жазуунун ыкмаларын айтып берди
8. Өзүңүздү актап, башкаларды күнөөлөп ар дайым биринчи болууга умтулбаңыз. Эгер кемчиликтер болсо моюнга алып, бирок сөзсүз түрдө аны жоюу жолдорун айтып бериш керек.

Петр Лидов-Петровский 13 жыл бою Philip Morris International компаниясынын Россиядагы, Швейцариядагы, Индонезиядагы, Гонконгдогу, Пакистандагы өкүлчүлүктөрүндө иштеген. Ошондой эле "Эн+Менеджмент" ЖЧКсында коомчулук менен байланыш боюнча директор болуп эмгектенген. 2009-жылдын июнь айынан тарта "МегаФон" компаниясында коомчулук менен байланышуу боюнча директорлукту аркалаган.

SputnikPro — бул Россиянын мыкты медиа менеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентация жана мастер-класстары. Алар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт. Белгилей кетсек, SputnikPro долбоору 2018-жылы жазында башталып, Белоруссиянын, Грузия, Азербайжан жана Армениянын медиа коомчулугунун жогорку баасын алган. Бардык окутуулар бекер жүргүзүлөт. Ага катышкандар өздөрүнүн кесипкөйлүгүн көрсөтсө Sputnik агенттигинде иштеп калууга мүмкүнчүлүк алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0